«Фергана.ру» боюнча сотто интернет таркатуучулар суракка алынат

sud-po-revolyutsii-2010

Бишкек райондор аралык сотунда «Фергана.ру» маалыматтык порталынын тосмолонушу боюнча чечимди жокко чыгаруу маселесин кароодо Кыргызстандын интернет таркатуучулары сурак беришет. Сайт 2012-жылдын башында парламенттин токтому менен улуттар аралык кастыкты «тутандыргандыгы» үчүн тосмолонгон.

Райондор аралык соттун судьясы Бермет Карагулова 1-мартта өтө турган соттун кийинки жыйынында кыргызстандык интернет таркатуучуларды суракка алуу чечимин кабыл алды.

«Сот үчүнчү тарап катары интернет таркатуучуларды суракка алууну зарыл деп эсептейт», — деди судья.

Сот интернет компанияларды суракка алуунун зарылчылыгын сайтты тосмолобой койгон интернет таркатуучуларды жазалоо керекпи-жокпу деген суроого Мамлекеттик байланыш агенттигинин жооп бере албай койгондугу менен түшүндүрдү.

«Жаза колдонулабы жокпу аны мен чече албайм [...] Ал парламенттин токтому, аны Байланыш агенттиги жөн гана аткарган», — деди Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү.

«Фергана.рунун» жактоочусу Нурбек Токтакуновдун пикиринде, сайтты тосмолоо чечимин жокко чыгаруу маселесинде Байланыш агенттиги «жылма, туруксуз» позицияны карманууда.

«Алар (Мамлекеттик байланыш агенттиги) интернет таркатуучуларга жиберген катын бир четинен сөзсүз аткарылышы керек эмес десе, бир четинен кайра сөзсүз аткарылышы керек деп айтып жатышат», — деди ал.

Ал интернет таркатуучуларга жаза колдонуу тууралуу берилген суроого жооп бере албаган Байланыш агенттигинин өкүлдөрүн «тажрыйбасыз» деп эсептейт.

Маалымат порталынын редакциясы сайтты тосмолоо тууралуу чечимдин мыйзамдуу болушун каалап жатат.

Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргызстандын колдонуучулары үчүн сайтты жеткиликтүү кылып, андан кийин сайтты тосмолоонун зарылдыгы болсо ал чечимимге сот аркылуу кайрадан жетишиши керек, деп билдирди «Фергана.рунун» башкы редактору Даниил Кислов.

«Фергана.рунун» тосмолонушу

Сайтты тосмолоо демилгеси 2011-жылдын июнунда Кыргызстандын парламентинин депутаттары тарабынан жактырылган, алар бул чечимди «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.

Парламенттин бул чечими өкмөттүн 21-февралда чыгарган — аталган ресурсту өлкөдө колдонууга чектөө коюу жөнүндөгү — токтомунан кийин аткарыла баштаган.

Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарып баштаган.

Анда басылманын редакциясы веб-сайтынын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.

Автор: Алексей Ким