Кош жарандыгы бар чиновниктер 1 млн сомдук айып менен жазаланышы мүмкүн

Нурсулуу

Парламент үчүнчү окуусунда «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жообуна тартылып, 800 миң сомдон 1 млн сомго чейинки айып менен жазаланышат. Бул өзгөртүүлөрдү чиновниктер да жактырып жатышат.

Кыргызстандын жарандыгынан сырткары башка өлкөнүн жарандыгы бар чиновниктер кылмыш жообуна тартылышат, деп жазылган«Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» жана «Жалпы аскердик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн текстинде.

Анда кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаза катары 800 миң сомдон 1 млн сомго чейинки айып каралган. Өзгөртүүлөргө ылайык, ошондой эле кош жарадыгы бар адамды мамлекеттик кызматка алган жетекчилер да жазаланышат.

Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Арлан Осмонжанов мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр менен макул.

Бирок ал кош жарандуулукту катардагы мамлекеттик кызматкерлер үчүн эмес чиновниктер менен жетекчи кызматтарда иштегендер үчүн гана тыюу салыш керек деп эсептейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Имангазиев парламенттин бул чечимин туура деп эсептейт.

«Аскер кызматкерлери өз мекени менен элине кызмат кылууга ант беришет. Аскер кызматкер кайсы өлкөдө кызмат өтөп жатса ошол өлкөнүн жараны болушу керек. Көпчүлүк учурларда мамлекеттик кызматкерлер менен аскер кызматкерлери мамлекеттик жана кылмыш сырлары тууралуу маалыматтарды ала алышат», — дейт ал.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов чиновниктер кайсы өлкөнүн бийлигинде иштеп жатса ошол өлкөнүн жараны болушу керек деп эсептейт. Бирок ал чиновник жарандыгына карабастан өлкө үчүн «прогрессивдүү реформаларды» жасай ала тургандыгын кошумчалады.

«Грузиянын президентинин грузия жарандыгы жок, ал Франциянын жараны. Бирок ал Грузия учүн прогрессивдүү иштерди жасап жатат деп эсептейм», — деди юрист.

Кыргызстандын башка өлкөлөр менен кош жарандуулук тууралуу макулдашуулары жок, бирок Конституцияга ылайык, адамдардын бир нече өлкөнүн жараны болушуна — тыюу салынган эмес.

Автор: Мария Гребнева