Бишкекте жоокер өз жанын өзү кыйды

IMG_0064_

20 жаштагы аскер кызматкеринин денеси туугандарынын үйүнөн табылган. Жоокердин жанында өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнгөн өлүм алдындагы кыска кат бар болгон. Аскер прокуратурасы өз жанын өзү кыюуунун себебин териштирип жатат.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Карина Амангулова Kloop.kgге берген маегинде жоокер Эрлан Эркинбек уулу 16-февралда асынып өлгөндүгүн билдирди.

«Туугандары тарабынан аскер кызматкеринин денеси ажатканадан, болжол менен кечки саат алтыларда табылган», – деди ал.

Амангулованын айтымында, Эркинбек уулу каза болоордо бардык туугандарына телефон чалып, анын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнгөн өлүм алдындагы кыска катын калтырган.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Намазалиев каза болгон жоокердин денеси туугандарынын үйүнөн асылып турган жеринен табылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

Ал Эркинбек уулу №9632 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн жана каза болгон күнү туугандарынын өтүнүчү менен бир күнгө кызматтан бошотулгандыгын кошумчалады.

Намазалиев жоокердин денесин кичи мекени Нарын облусуна 17-февралда жөнөтүшкөндүгүн айтты.

Аскер прокуратурасы тергөөнүн сыры деп, комментарий берүүдөн баш тартты.

Жоокердин туугандары комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Бул Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин өз жанын өздөрү кыйган биринчи учур эмес. Өткөн жылдын октябрында Чек ара аскерлигинде кызмат өтөгөн жоокер Калашников үлгүсүндөгү автомат менен өзүнө ок чыгарып каза болгон.

Ал жоокердин денесин кароодо зыянга учураган көптөгөн тактар табылган.

Автор: Дарина Манасбекова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова