Бишкектин жолбун иттерди атуу кызматы пайда үчүн иштейби же шаардыктар үчүн кам көрөбү?

овмрлфв

Жакындагы иттерди уурдоо жана аларды чогултуучулар окуясы Кыргызстанда кеңири резонанс жаратты.

Механик болуп иштеген Бишкектин 12-кичи районунун 56 жаштагы тургуну Валерий Половников Жаңы жылдын алдында ал жумушта жүргөндө милиция жана шаардык жолбун иттерди кармоо бөлүмүнүн кызматкерлери батирине кирип, жети итин алып кетип калгандыктарын билдирди. Половниковдун айтымында, андан кийин иттерди «таш боордук менен атып», шаардык таштанды таштоочу жайга ыргытып салышкан.

Коңшулары болсо окуя боюнча башка версияны айтып жатышат. Алар иттерди алып кетүүнү туура чечим деп эсептешет - айтымдарында, анда бийлик өкүлдөрү калктын кызыкчылыгы үчүн аракеттенишкен. Анткени Половников жолбун иттерди чогулткан, алардын тынымсыз үргөндөрү үйдүн жашоочуларына тоскоолдук жаратып келген.

Бул окуя көптөн бери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын алдындагы жолбун иттерди атуу кызматын өлгөн иттердин терилерин сатууга тиешеси бар деп айыптап келе жаткан жаныбарлардын укуктарын коргоочулардын нааразычылыктарын жаратты.

Мэриянын билдиргени боюнча, жолбун иттерди атуу – өкүнүчтүү, бирок экономикалык жактан алганда иттерди бычып, багууга каражаты жок кедей өлкөнүн жарандарын 200 миңдей жолбун иттерден коргоп жаткан актоого татый турган чарасы.

Борбордун мэриясынын маалыматы боюнча, 2012-жылы шаар тургундарынын арыздары боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабына 12 406 ит атылган.

Ит аткандарга ар бир атылган ит үчүн 300 сомдон төлөйт, кээ бир адамдардын пикринде, бул үй-жайсыз эмес иттерди деле атууга стимул болуп саналат.

Бирок Валерий Половников моюнуна алгандай, ал шаар бийлигинин батирде экиден көп ит багууга тыюу салган токтомун бузган, бирок анын батириндеги иттердин бирөөсү гана көчөдө жарадар болуп жатканда алынган.

«Калган алты ит үчүн менде расмий документтер бар, ал иттерди жакшы адамдарга таратайын деп жаткам», – деди ал.

Валерий Половников кылмыш ишин козгоо жөнүндө арыз жазган, бирок азырынча ал боюнча эч кандай чара колдонула элек. Анын айтымында, окуяга милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар болгондуктан прокуратура кылмыш ишин козгоону каалабай эле.

9-февралда EurasiaNet.org кабарчысы Половниковдун батирине барганда анын кире бериш эшиги менен кулпусу сынык болгон – батир ээсинин айтымында, бул анын үйүнө эшигин сындырып киргендиктеринин далили болуп саналат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын иттерди атуу бөлүмүнүн башчысы Болот Койкелдиев аларга коңшулары тарабынан даттануу келип түшкөн соң «Тазалыктын» эки кызматкери аталган дарек боюнча баргандыктарын, бирок үйдүн ичине кулпуну сындырбай эле киргендиктерин билдирди: «Эшиги ачык болчу, иттер болсо тепкичте чуркап жүрүшкөн».

Бөлүмү 2008-жылы ачылган Болот Койкелдиев өздөрүнүн дарегине карата айтылган сындарга көнүп калгандыктарын белгилейт. Айтымында, ал сындар иттеринин көчөдө эркин сейилдеп жүрүшүнө жол берген жоопкерчиликсиз адамдарга багытталышы керек болчу.

«Биздикиндей кедей өлкөдө биз жүздөгөн иттер үчүн баш калкалоо жайын куруп, аларды бакканды мындай кой, үй-жайы жок адамдардын курсагын тойгуза албайбыз», – деди ал. Койкелдиев 29-январдагы шаар мэринин орун басары Вячеслав Красиенко тарабынан айтылган жолбун иттерди бага турган жай куруу боюнча айтылган демилгеге терс пикирде экендигин жана анын ишке ашуусуна анча ишене бербестигин кошумчалады.

Койкелдиев жетектеген бөлүм менен жолбун иттерди бычып, аларды убактылуу багуу менен алектенген Бишкектеги «Право на жизнь» жеке фонду сыяктуу жаныбарлардын укуктарын коргоп келген уюмдардын ортосундагы талаш-тартыштарга карабастан, эки структуранын өкүлдөрү тең андай жайларды куруу менен жолбун иттердин көйгөйү чечилбейт деген бир пикирде.

«Мурунку совет өлкөлөрүндө уурдоого мүмкүн болгон нерселердин бардыгы тең уурдалып жатат, – деди «Право на жизнь» фондусунун негиздөөчүлөрүнүн бири Алла Кобцова. – Жолбун иттер үчүн атайын жай курулса андагы тамакка, бычууга жана дары-дармекке деп бөлүнгөн каражаттар уурдалып кетет. Ал жандыктар жөн гана жай өлүм менен өлүп калышат».

Бирок ал азыркы атуулардан башкасынын бардыгы жакшы экендигин жана аларды өлтүрүү «коомчулукту таш боорчулукка көндүрөөрүн» кошумчалады.

Алла Кобцованын пикиринде, мунун артында каржы кызыкчылыктары турат: «Биз «Тазалык» атылган иттердин бир бөлүгүн утилизация кылып, калганын эт жана тери катары сатат деп болжолдоп жатабыз». Анын болжолдоосунда, алардын кардарлары болуп кээ бир ресторандар эсептелинет.

Б. Койкелдиев Кобцованын болжолдоолорун четке кагып, атылган иттердин өлүктөрү муниципалдык таштанды төгүүчү жайдагы «санитардык аймакта» утилизация кылынаарын айтып, анын бөлүмүндөгү сегиз кызматкердин «көпчүлүгүнүн иттери бар экендигин, алардын бирөө гана итти жаман көрөөрүн» белгиледи. Ошондой эле ал көп сандаган корей ресторандары жолбун иттердин эттерин албайт, деди.

Бишкектин Аламүдүн базарындагы сатуучулар иттин терисинен жасалган бел курчоо жана бут кийимдер үчүн жасалган батектер чоң суроо-талапка ээ экендигин тастыкташты.

Аталган эки товар менен тең соода кылган Зуля Нарынбекованын айтымында, иттин терисинен жасалган 30 долларлык бел курчоо ал сыяктуу бир күн бою суукта туруп соода кылган адамдарга жакшы сатылат.

«Кийизге караганда иттин жүнү жылуулукту жакшы кармайт», – деп түшүндүрдү ал. Башкалары болсо «иттин майын» сатышат. Ал дем алуу органдарын жана кургак учукту даарылай турган каражат катары эсептелинет.

Бирок чындыгында өз товарын мактап сатып жаткан аял ал терилер менен жүндөрдүн кайсыл жактан алынаары тууралуу эч кандай түшүнүгу жок. «Мен терини иштеп чыккандар менен иштешпейм. Ортомчулар аркылуу гана алам, –дейт ал. – Бирок иттер бул жердин эле иттери экенин билем. Жолбун иттер болуш керек»

Автор: Крис Риклтон

Макала Eurasianet.org сайтынан алынып, которулду