Жалал-Абад: Убактылуу кармоочу жайдагы камактагылар «сабоолорго» каршылыктарын билдирип, өздөрүнүн колдорун кескилешкен

Нурсулуу

Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайындагы сегиз адам милиция кызматкерлеринин «ур-токмогуна» каршылыктарын билдиришип, өздөрүнүн колдору менен моюндарын кесишкен. Облустук ички иштер башкармалыгы камактагылар ал жарааттарын козголоң учурунда алышкан деп билдирип жатат.

Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткандар милиция кызматкерлери тарабынан «кыйноолор» болгондугу тууралуу арыз жазышты, деп билдирди жергиликтүү «Справедливость» укук коргоо борбору.

Камактагылар 6-февралда - тамакты нормага ылайык берүү талаптарынан кийин аларды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери «сабагандыктарын» укук коргоочуларга билдиришкен.

«Сабалгандан кийин камактагыларды Жалал-Абаддан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Өзгөндүн убактылуу кармоочу жайына алып барышкан, бирок алардын бети-башы бүт кан болгондуктан кабыл албай коюшкан. Аларды кайрадан Жалал-Абадка алып келгенден кийин жараттарын таңуу үчүн камактагыларды облустук ооруканага жеткиришкен», — деп жазылган «Эркиндик үнү» укук коргоо борборунун сайтында.

Камактагылар «сабоолорго» каршылыктарын билдиришип, колдору менен моюндарын кесишкен — кийинчерээк укук коргоочулар алардын денелериндеги кыйноонун белгилерин, ошондой эле колдору менен моюндарындагы кесиктерди аныкташкан.

«Эми биз облустук прокуратурага даттануу даярдап жатабыз. Сабалган камактагылардын арыз муңун прокуратура органдарына сөзсүз түрдө жеткирүү керек. Биз камактагылардын түшүнүк каттары менен арыздарын алдык», — деп жазган «Эркиндик үнү» порталы укук коргоочулардын айткандарын.

Козголоңдогу жарааттар

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров ал окуя тууралуу «Эркиндик үнү» порталына башка версиясын билдирген. Басма сөз катчынын айтымында, камактагыларды Оштогу тергөө абагына жөнөткөн кезде алар козголоң чыгарышкан.

«Камактагыларды Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдан Ош шаарындагы №5 тергөө абагына алып бара жатканбыз. Өзгөнгө жетип калганда алар [камактагылар] козголоң чыгарышты, жыйынтыгында кайрадан артка алып келүүгө туура келди. Алардын денелериндеги жарааттар ошонун жыйынтыгында пайда болгон», — деди Аттокуров.

Басма сөз катчы камактагылардын колдорундагы «тытылган издер» аларды алып бара жаткан унаанын ичинен тытылгандыгын билдирди.

«Камактагыларды алып бара жаткан унаанын ичи темир болчу, ошондуктан алар козголоң чыгарганда колдорун «тытып» алган болуулары керек. Ал кесиктин издери эмес, тытыктар гана болгон», — деп ишендирди Аттокуров.

«Өнөкөттүү сабоолор»

Бул Жалал-Абаддын убактылуу кармоочу жайындагы сабоолор тууралуу биринчи билдирүү эмес — укук коргоочулар үч ай мурун милиция тарабынан камактагылар массалык түрдө сабалгандыгы жөнүндө билдиришкен.

«Анда шаардык прокуратура ал иштин курамынан кылмыштын белгилерин «тапкан эмес» жана кылмыш ишин козгоодон баш тарткан», — деп билдирүүдө «Эркиндик үнү» порталы.

Укук коргоочулардын айтымдарында, тергөө абагы катары да пайдаланылып жаткан Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайындагы камактагыларды массалык түрдө сабоо«өнөкөттүү» болуп калган.

Автор: Евгений Погребняк