Мас абалындагы бир нече киши Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жанынан милиция кызматкерин «сабап кетишкен». Аны эмнеге сабагандыктарынын себептери белгисиз. Кол салгандарын бири камакка алынды, калгандары издөөдө.
Мас абалындагы адамдар 16-февралда болгон окуянын жүрүшүндө милиция кызматкеринин кызматтык формасы менен погондорун тытып салышкан — бул тууралуу Кадамжай РИИБсинин тергөөчүсү Алдаяр Иманазар уулу билдирди.
Кол салгандардын саны расмий аныктала элек, бирок түрдүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, алар үчөө же төртөө болгон.
«Учурда канча киши кол салгандыгын аныктап жатабыз», — деди Иманазар уулу Kloop.kgге берген маегинде.
Ур-токмокко алынган милиция кызматкери соттук-медициналык экспертизадан өтөт. Тергөөчүнүн айтымында, учурда анын абалы «нормалдуу».
Кол салуу буга чейин маалымат каражаттарында билдирилгендей милиция бөлүмүнүн имаратында эмес, анын жанында болгон, деди тергөөчү.
Милиция кызматкерине бөлүмдө андан башка эч ким жокто - түндө кол салышкан.
Кол салгандардын бири камакта, калгандары издөөдө, деди тергөөчү.
Kloop.kgнин журналисттери сабалган милиция кызматкери менен да, кармалган адам жана анын жактоочусу менен да байланыша алган жок.
Автор: Нурмухаммед Атамбаев