Социалдык фонддун Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жасалма камсыздандыруу полиси аркылуу 2,6 млн. сомду «мыйзамсыз түрдө өздөрүнө алып алышкан» — бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Социалдык фонддун өзүнөн мындай окуянын болгондугун четке кагып жатышат.
УКМКнын маалыматы боюнча, акчалар Оштогу ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндөгү жасалма маалыматтар аркылуу өздүктөштүрүп алынган.
«Айрым кызматкерлер ишкерлер тууралуу жалган маалыматтарды жазып, камсыздандыруу полистерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен камсыздандыруу төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттарды мыйзамсыз өздөрүнө алып алышкан», — деп жазылган УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын пресс-релизинде.
Аталган факты боюнча кылмыш иши 18-февралда козголгон.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы фонддун кызматкерлеринин эмне кылмыш кылгандыктарын тактап билдирбей эле.
Эми Социалдык фонддун шаардык башкармалыгы аудитордук текшерүүдөн өтөт.
Өз кезегинде фонддун Ош шаардык башкармалыгынын кызматкери акча уурдап алуу фактысы тууралуу эч нерсе укпагандыгын Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.
Ал аты-жөнүн айтуудан баш тартып, «бардык иштер банк аркылуу жүргүзүлгөндүктөн» УКМК тарабынан айтылган кылмыштын болушу мүмкүн эместигин билдирди.
«Мен жарым саат мурун аталган фактынын аныкталгандыгы тууралуу интернеттен окудум. [...] Алар эки миллион деп айтып жатышат — бизде мындай суммадагы акча кайдан болмок эле?» — деди ал журналистке.
Комментарий алуу үчүн Социалдык фонддун басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.
Социалдык фонд — бул Кыргызстандын жарандарын социалдык, ошондой эле пенсиялык жактан камсыздоо менен алектенген мамлекеттик орган.
Орточо эсеп менен кыргызстандыктар Социалдык фондго айлык маянасынын 27 пайызын которот.
Авторлор: Бектур Искендер жана Olya M.