Видео: Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттигинин имаратындагы өрт, жабыркагандар жок

Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндөгү кыймылсыз мүлк агенттигинин имаратындагы өрт 19-февраль күнү болду. ӨКМдин нөөмөтчүсү өрттөн имараттын 100 чарчы метри күйүп кеткендигин билдирди. Окуяга күбө болгондордун бири аны видеого тартып алган.


Видео тасмадагы сыпаттоого ылайык, өрт болжол менен эртең мененки саат 11лерде, имараттын төртүнчү кабатында башталган.

Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун колдонуучулары өрт Өрткө каршы кызматтын кызматкерлери тарабынан тез эле өчүрүлгөндүгүн жазышкан.

«Жалындаган өрт саналуу мүнөттөрдө эле пайда болду», — деп жазган форумдун Rashida деген ат менен катталган колдонуучусу.

ӨКМдин нөөмөтчүсү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон сүйлөшүүсүндө жалпысынан кеңсе имаратынын 100 чарчы метри күйгөндүгүн жана жабырлангандардын жок экендигин айтты.

«Каза болгондор жок. Өрт башталганда ал жерде адамдар болгон эмес», — деди ӨКМдин улук-диспетчери Максат Бөрүбаева.

Анын айтымында, өрттүн чыгышына жандырылып коюлган желдеткич себеп болгон.

Өрт бир жарым сааттын ичинде — болжол менен 12:30дарда өчүрүлүп бүттү. Учурда өрттүн кесепеттери такталып жатат.

«Желдеткич, телевизор, компьютер, диван, шкаф, стулдар күйүп кеткен», — деди ӨКМдин кызматкери.

Автор: Алексей Ким