«Дизель» форумунун колдонуучулары «Учкун» кичи районундагы жолдордун сапатына көңүл буруп, ал капиталдык оңдоодон үч ай өткөндө кайрадан мурунку калыбына келип калгандыгын билдиришти. Бишкек мэриясы жол сапатсыз оңдолгондугун моюнуна алууда.
«Мостдорстрой» жалданма компаниясы «Учкун» кичи районундагы Казан-Булак жана Чуңкурчан жолдорун 2012-жылдын ноябрында капиталдык оңдоодон өткөргөн.
Кыргызстандагы эң популярдуу «Дизель» интернет-форумунун колдонуучуларынын маалыматтарына ылайык, жол оңдоо иштери башталгандан үч ай өткөндө кайрадан начар абалга кептелген.
4UTATA аттуу колдонуучу аталган көчөлөрдүн чуңкурлары менен өңгүл-дөңгүлдөрү тартылган сүрөттөрдү жайгаштырган.
Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын алдыңкы катардагы адиси Мирлан Алараев жол сапаты начар болуп оңдолуп калгандыгын моюнга алды. Айтымында, мэрия жалданма «Мостдорстрой» компаниясына аткарган жумушу үчүн акча төлөп берүүдөн баш тарткан.
«Аткарылган жумуштун сапаты начар болгондуктан асфальт төшөлмөсү жакшы кабыл алынган эмес, акча да төлөнгөн жок. Ылайыктуу аба ырайы болгондо компания төшөлмөнү кайрадан алып, эки катмарлуу жаңы бетондуу асфальт төшөйт», — деп убадалады ал.
Алараев жолдун аталган бөлүгүн оңдоо 2012-жылдын жайында эле башталып, каражаттын жетишсиздигинен улам иш кайрадан кышында башталгандыгын билдирди.
Алараевдин айтымында, жалпысынан жолду оңдоо үчүн 7 млн сом каражат бөлүнгөн.
Жолдордун аталган бөлүктөрү 2013-жылдын жазында, абанын температурасы +10 градуска чейин жогорулаганда улантылат.
Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «Мостдорстройдун» өкүлү жолдун курулушу тууралуу маселе «дагы деле чечиле электигин» жана компания бардык иштерди аягына чыгарышы зарылдыгын айтты.
Компания мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Автор: Olya M.