Башкы прокуратура журналисттин макаласынан кийин парламенттин чиновниктерин текшерүүгө алат

parliament

24.kg маалымат агенттигине басылып чыккан парламенттин компьютерлери үчүн программалык камсыздандырууларды сатып алууда мүмкүн болгон алдамчылыктардын бети ачылгандыгы жөнүндөгү макала кылмыш иштеринин козголушуна себеп болду. Парламенттин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча эч нерсе укпагандыктарын билдирди.

Өз макаласында агенттиктин башкы редактору Асель Оторбаева Эсеп палатасынын 2010-2011-жылдардагы маалыматтарына таянып Жогорку Кеңештеги каржылык мыйзам бузууларды баяндап жазган.

Башкы прокуратура журналист тарабынан келтирилген фактыларды текшерип чыгып бир нече кылмыш ишин козгоду.

24.kgдеги макалага ылайык, парламенттин иш башкармалыгынын жетектөөчү кызматкерлери программалык камсыздандырууларды сатып алуу үчүн алардын бааларын 9 миллион сомго жогорулатып эки тендер өткөргөн.

Дагы бир аныкталган мыйзам бузуу «Жогорку Кенештин Эл аралык парламенттик уюмдардагы өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү менен анын секретариаты» кызматтарынын түзүлүшү.

«Аны менен катар секретариат иштеп баштагандан бери анда бир катар каржылык жана чарбалык тартиптер бузулган», — деп жазылган бул боюнча көзөмөлдөө органынын сайтында.

Ошондой эле маалымат агенттигиндеги макаланын изи менен Башкы прокуратура тарабынан парламент аппаратындагы сектор башчысынын «мыйзамсыз» жумушка алынгандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы Оторбаеванын макаласында жазылган парламенттин «Алтын-Көл» пансионатындагы мүмкүн болгон каржылык мыйзам бузууларды текшерип жатат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул кылмыш иштери боюнча эч нерсе укпагандыгын билдирүүдө.

Парламент ичиндеги мыйзам бузуулар жөнүндөгү макала 24.kg маалымат агенттигине 14-февралда басылып чыккан.

Автор: Зарема Султанбекова