Эгер Ташиевдин Минскке телефон чалгандыгы аныкталса КТРКнын башчысы андан кечирим сурайт

овмрлфв

Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев эгер учурда камакта жаткан депутат Камчыбек Ташиевдин 2012-жылдын октябрындагы митингтин алдында экс-президент Курманбек Бакиев жашап жаткан Минскке телефон чалгандыгы аныкталса андан кечирим сурай тургандыгын билдирди.

Оторбаев 2012-жылдын октябрынын башындагы митинг учурунда «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарынын ишинде күбө катары өтүп жатат.

«Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев КТРКны эфирден «текшерилбеген видео-роликти» көрсөткөн деп айыптап жатат.

Болжолдуу түрдө ал роликте бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан Ташиев 2012-жылдын октябрындагы митингтин алдында экс-президент Курманбек Бакиев жашап жаткан Минск менен анын уулу жашап жаткан Лондонго телефон чалгандыгы айтылган.

Ташиев өз дарегине айтылган ал сюжеттеги айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Ата-Журттун» лидери ал видео-роликти көрсөткөндүгү үчүн Оторбаевдин каналдын эфири аркылуу кечирим суроосун өтүнгөн.

КТРКнын башкы директорунун айтымында, анда YouTube сервисинен алынган ролик көрсөтүлгөн «болушу керек».

Оторбаев соттун 21-февралдагы жыйынында Ташиевдин октябрдагы митингте айткандарынын стенограммасында бийликти басып алуу чакырыктарын көрбөгөндүгүн мойнуна алды. Ал КТРКнын сюжетиндеги маалыматтын аныктыгын тактап, эгер анда айтылгандар туура эмес болсо корпорация башчысы кечирим сурай тургандыгын кошумчалады.

Оторбаев каналдын редакциясы маалыматты эфирге берээрден мурун алгач анын тууралыгын текшерээрин айтты.

Оторбаевдин сурак берүүсү соттун кийинки - 22-февралда боло турган жыйынында уланат.

Оппозициялык «Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты — Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун үстүнөн жүрүп жаткан сот процесси эки айдан бери уланууда.

Депутаттар 2012-жылдын октябрындагы митинг маалында бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деп айыпталып жатышат.

Сүрөт Кубат Оторбаевдин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды

Авторлор: Кубан Макешов жана Нурия Рыскулова