Өзбекстандын «Clone Security» аттуу хакерлер тобу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин сайтына чабуул жасап, анын негизги баракчасынын көрүнүшүн өзгөрттү, анда алар «Биз расизмге каршыбыз» деп жазып коюшкан. Хакерлер «Азаттык» радиосунун журналисттерине бул ишти Кыргызстандагы өзбек азчылыгынын «укуктары корголбой жаткандыктан» жасагандыктарын билдиришкен.
Кыргызстандын ИИМинин сайтынын бузулгандыгын биринчилерден болуп «Азаттык» радиосунун кыргыз редакциясынын журналисттери 20-февралда, сайттын тышкы көрүнүшүндөгү өзгөрүүлөрдөн улам байкашкан.
«Анчалык деле чоң өзгөрүү жок. Бирок хакердик чабуул болгону чындык», — деп билдирген ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Жоробай Абдраимов «Азаттык» радиосуна.
Ал журналисттерге сайттын бузулгандыгын тактап, ал жөнүндо кенен маалымат берээрин айтып убадалаган.
Аталган топтун чабуулунан Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу корунун сайты да бузулган.
ИИМдин сайтынын башкы барагын ачканда болжол менен бир сааттай кара фондо Өзбекстандын желеги жана «Clone Security» тобунун эн тамгасы пайда болуп турган.
Алардын алды жагында «H4CK3D by Clone Security. Clone Security: My Protiv Rasizma» деген жазуу жайгаштырылган.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын журналисти топтун өкүлдөрүнүн бири менен байланыша алган. Ал маегинде «Clone Security» тобу чабуулду 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышты эскерүү менен байланыштырган.
Топтун өкүлү чабуулдун дагы бир себеби катары Кыргызстандагы өзбек азчылыгынын «укуктарынын корголбой жаткандыгын» билдирген.
«Clone Security» өзүнүн «Твиттердеги» кичи блогунда мындан сырткары алар «Эйр Бишкек» авиакомпаниясы менен Кыргызстандагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар борборунун сайттарын, ошондой эле sayasat.kg жана gde.kg интернет cайттарына чабуул жасагандыктарын жазган, бирок макала даярдалып жаткан учурда жогорудагы порталдар толук кандуу иштеп жатышкан.
Кыргызстандын бийлиги азырынча мамлекеттик сайттардын бузулушу тууралуу комментарий бере элек.
Учурда чабуул жасалган мамлекеттик сайттарда өзбек хакерлеринин билдирүүлөрү жок, бирок порталдар дагы деле иштебей эле.
Бул Кыргызстандын мамлекеттик сайттарына чабуул жасалган биринчи учур эмес. Бирок Kloop.kgнин редакциясынын билишинче, бул өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу саясий мүнөздөгү биринчи чабуул.
Өткөн жылдын августунда Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтына да чабуул жасалган, бирок анда сайттын башкы баракчасында пайда болгон жазуулар Сириядагы кагылыштарга байланыштуу болгон.
Автор: Бектур Искендер