«Ата-Журттун» депутаттарынын иши боюнча сотто анонимдүү күбөлөр суракка алынат

овмрлфв

Мергенчи жана Патриот деген жашыруун аттар менен эки күбө «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерине каршы көрсөтмө берет. Депутаттар бийликти күч колдонуп басып алуу чакырыктарын айтпагандыктарын билдиришүүдө.

«Ата-Журттун» үч лидери - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорго коюлуп жаткан айыптоолор дээрлик толугу менен эки анонимдүү - Мергенчи жана Патриот деген күбөдөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде тизмектелген.

Өз көрсөтмөлөрүндө күбөлөр өткөн жылдын октябрындагы митингтин жүрүшүндө «Ата-Журттун» депутаттары бийликти күч колдонуп басып алууга чакырышкан деп билдирип жатышат.

Сот суракка алуу үчүн анонимдүү күбөлөрдү Биринчи май райондук сотунун имаратына алып келүү токтомун чыгарды — Мергенчи жана Патриот деген ал эки күбөнү буга чейин тергөөчүдөн башка эч ким көргөн эмес.

«Ата-Журттун» депутаттары менен жактоочулары анонимдүү суракка каршы эмес экендиктерин билдиришти.

«Эгер күбөлөр өмүрү үчүн чочулап жатса беттерин жаап алып келишсин. Буга мыйзам уруксат берет», — деди соттун 22-февралдагы жыйынында Талант Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаев.

Бул иш боюнча күнөлүү катары өтүп жаткан юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев Мергенчи менен Патриоттун анонимдүү көрсөтмөлөрүн «жарабайт» деп эсептейт.

«Алар коркуп жалган көрсөтмө бериши мүмкүн», — деп билдирди ал сотто.

Өз кезегинде прокуратуранын өкүлү күбөлөрдү өздөрү да көрө электигин, бирок айыптоочу тарап алардын коопсуздугу менен анонимдүүлүгүн кепилдей тургандыгын айтты.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Авторлор: Нурия Рыскулова жана Нуржамал Жаныбекова