Атаханов ИИМ башчылыгынан кетти

google-defaced_10529

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мекеме жетекчиси Шамиль Атахановдун кызматтан кеткендигин ырастады. Азырынча мекеме башчысы болуп ички иштер министринин мурунку орун басары Абдылда Суранчиев дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы ИИМдин башчысы башка жумушка «өткөндүгүнө байланыштуу» кызматтан кетти деп билдирүүдө.

Kloop.kgге ИИМ башчысынын милдетин аткаруучу болуп Суранчиев дайындалгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

«Бүгүн ал жаңы министр катары жетекчилик курамга тааныштырылды», – деп билдиришти мекемеден.

Кыргыз ММКларында Атаханов өлкөнүн күч блогун жетектеген вице-премьер болуп дайындалышы мүмкүн деген маалыматтар пайда болду.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын өкүлү Алмаз Усенов Атаханов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткендигин Kloop.kgге билдирди.

Бирок Усенов Атахановдун кайсы кызматка дайындала тургандыгын айта алган жок.

Атахановдун кызматтан кетиши мүмкүндүгү жөнүндөгү ушактар 2013-жылдын январь айынын башында пайда болгон. Анда ал маалыматтарды Атаханов өзү четке каккан.

Шамиль Атаханов ИИМ башчылыгына 2012-жылдын ноябрынын башында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кеткенден кийин дайындалган.

Анын ИИМдин башчысы болуп турушу мекеменин ичиндеги бир катар чыр-чатактар менен коштолгон — министрге кээ бир департамент жетекчилери ачык эле каршылык көрсөтүп башташкан.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды