УКМК: «Коррупция» боюнча айыпталып жаткан Түлеев тергөө абагындагы ачкачылыгын токтотту

5-02-2012_many_kirдлэz__1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат жана Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев тергөө абагындагы ачкачылык акциясын токтоткондугун билдирди. Саясатчы шаар башчысы болуп турганда «коррупциялык иштерге барган» деп айыпталып жатат.

Экс-мэр 20-февралдан баштап эле тамак иче баштаган, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы. Мекеменин таркатмасында жазылган маалымат боюнча, Түлеев учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Анын саламаттыгынын абалы эч кандай коркунуч туудурбайт», — деп жазган УКМКнын басма сөз кызматы билдирүүсүндө.

Анда жазылгандай, Түлеев тергөө абагындагы шарттарга даттанган эмес.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түлеев ачкачылыгын таркатмада жазылгандай 20-февралда эмес, 18-февралда эле токтоткондугун билдирди. Анын айтымында, саясатчы дагы деле УКМКнын тергөө абагында.

Бишкектин мурунку мэринин жактоочусу Султан Баратов Түлеевдин ачкачылыгын токтоткондугу тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Ал Kloop.kgге берген маегинде саясатчы менен 22-февралда жолугуп, андан кийин анын абалы тууралуу маалымат берээрин билдирди.

Түлеев 15-февралда ачкачылык жарыялаган — ал «абалынын начар» экендигине карабастан аны ооруканадан тергөө абагына которгондуктарына нааразы болгон.

Анын жактоочусу Султан Баратовдун айтымында, Түлеев мурунунун гаймор көңдөйүнүн плазмоцитомунан жабыркап жатат.

Саясатчы андан медкызматтын башчысы Нияз Алдашев «пара талап кылгандыгын» билдирип даттанган — айтымында, Алдашев Түлеевдин тергөө абагына которулбай медкызматта калып дарылануусу үчүн андан 50 миң доллар талап кылган.

УКМК камактагы саясатчынын бул билдирүүсүнөн кийин кызматтык териштирүү баштап, Алдашевди убактылуу кызматынан бошоткон.

Түлеевдин кармалышы

Түлеев 2012-жылдын июнь айынан бери камакта — ал 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталып жатат.

Ага карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчи козголгон кылмыш иши боюнча ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган деп айыпталып жатат.

Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.

епутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.

Автор: Александра Ли