Майыптарды жумушка алуудан баш тарткандыгы үчүн акча төлөтүү адилеттүүбү?

IMG_0064_

Депутат Дастан Бекешев эгер мекемесиндеги жумушка бир дагы майып кабыл алынбаса иш берүүчүлөрдү кайрымдуулук иштерди жасоого милдеттендире турган мыйзам долбоорун сунуштады. Өкмөт бул идеяны «салыктын жаңы түрү» деп атап, аны четке какты. Бул өз кезегинде коомчулукта талаш жаратууда.

Кыргызстандын тарыхындагы жалгыз көзү көрбөгөн парламентарий Дастан Бекешев иш берүүчүлөрдү жумушчу орундарынын беш пайызын майыптарга бөлүп берүүгө милдеттендирген 2008-жылдын апрелинде кабыл алынган мыйзам өлкөдө сакталбай жаткандыгын билдирди.

Депутат 2013-жылдын январында аталган мыйзамга анда көрсөтүлгөндөй сандагы майыптарды жумушка албаган иш берүүчү Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча фондко айына бир миң сомдон төлөп турушу керек деген өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Идеяга ылайык, фонддо чогулган каражат майыптардын иш орундарына ыңгайланышуусу үчүн жумшалмак.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 147 миң майып адам катталган.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча республикалык тармак алардын 80 пайызы жумушсуз экендигин билдирген.

Бекешев мыйзамдын кабыл алынышы «позитивдүү өзгөрүүлөргө» — биринчи кезекте майыптардын жашоо деңгээлдеринин жогорулашына алып келмек деп эсептейт.

Өкмөт каршы

Бирок Бекешевдин мыйзам долбоорун караган парламент комитети рекомендация алуу үчүн Каржы министрлигине кайрылганда алар депутаттын бул идеясына каршы чыгышкан.

IMG_0064_
Депутат Бекешев өкмөт жумушсуз майыптардын көйгөйүн кантип чечишти билбейт деп эсептейт

«Иш жүзүндө бул салыктын жаңы түрү болуп калууда», — деп түшүндүрдү каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, министрлик ишкерлердин каршы болгондугун колдонмо кылып аталган идеяны четке каккан.

Бекешев бийликтегилердин аталган мыйзам долбоорду кабыл алуудан баш тартышын кескин сынга алды.

«Алар [каржы министрлиги] кандайдыр бир альтернативдүү сунуш бербестен эле мыйзам долбоору жарабайт деп гана айтып коюшту. Бул туура эмес», — деп эсептейт депутат.

Анын айтымында, өкмөт жумушсуз майыптардын көйгөйүн кантип чечишти билбейт.

«Эгер өкмөт бул көгөйдү кантип чечишти билбестигин мойнуна алса — башка кеп болмок. А алар муну мойундарына албай эле. Тилекке каршы азырынча эч кандай сунуш дагы берген жок», — деп нааразычылыгын билдирди Бекешев.

Ишкерлер жана укук коргоочулар

Бекешевдин идеясына каршы чыккандардын арасында «Азия Голд» корпорациясынан финансист Искендер Шаршеев бар. Ал депутат тарабынан сунушталып жаткан чараларды «ишкерлерге карата зомбулук» деп эсептейт.

«Иш жүзүндө бул ишкерлер үчүн салыктын жаңы түрү болуп калууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын таланттуу өкүлдөрү мамлекеттин мындай колдоосу жок эле жумуш таба алышат», — деп эсептейт Шаршеев.

Анын пикиринде, майыптардын көйгөйүн алардын билим сапатын жогорулатуу менен чечүү керек.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын квалификациясын жогорулатуу жана алардын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү – бул таптакыр башка жана туура кадам», — дейт финансист.

Анын бул пикири менен укук коргоо тармагындагылар макул эмес. «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүгө милдеттүү деп эсептейт.

«Менин көз карашымда бул өлкөнүн бюджетине зыян алып келбейт, тескерисинче, пайда болот», — деп болжолдоду укук коргоочу, майыптар айлык алып, өздөрү салык төлөп башташаарын эске алып.

Ошондой эле Абдирасулова Кыргызстандын Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык келишимдерге кол койгондугун жана андагы эрежелерди сактоо керектигин эске салды.

Майыптардын өздөрү болсо бул көйгөйдүн ушундай деңгээлде көтөрүлгөндүгүнө кубанып жатышат.

«Бул маселени көтөргөндүктөрүнө кудайга шүгүр, анткени бул көйгөйлөр дайыма болуп келген, биз алар жөнүндө бүгүн гана айтып баштаган жокпуз», — деди үчүнчү топтогу майып Укей Мураталиева.

Автор: Айзирек Алмазбекова

Редактор: Шахида Дүйшеева