Укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» уюму өзбекстандык качкын Шухрат Мусин 18-февралда Бишкектин борборунда жоголуп кеткендигин билдирди. Өзбек бийлиги аны «терроризмге» тиешеси бар деп айыптап жатат, укук коргоочулар болсо ал диний себептер менен куугунтукталууда деп билдирип жатышат.
Мусинге 18-февраль күнү күндүз телефон чалышкан, андан кийин ал өз батиринен көчөгө чыгып ошол бойдон кайтып келген эмес — бул маалыматты окуя болгондон сегиз күн өткөндөн кийин Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» (HRW) таркатты.
Мисун Өзбекстандын Фергана өрөөнүнүн Ханабад шаарында туулган, Кыргызстанда 2008-жылдан бери жашап, качкын статусун алган. Азыр Бириккен улуттар уюмунун багыты аркылуу башка өлкөгө көчүрүлүшүн күтүп жаткан.
Ал жоголуп кеткенден кийин эч ким менен байланышкан эмес. Мындан улам HRW Мусинди күч менен Өзбекстанга алып кетип калган болушу мүмкүн деп кабатырланып жатат.
Өзбекстанда аны «Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган», «терроризмге» жана «диний экстремизм ишмердүүлүгүнө тиешеси бар» деп айыптап, ага издөө жарыялашкан.
Өз кезегинде HRW Мусин 2008-жылы үй-бүлөсү менен бирге диний көз караш боюнча куугунтукталгандыктан качып келген деп айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатат.
Ал жашаган Ханабад шаары 2005-жылы өзбек лидери Ислам Каримовго каршы чыккандар ырайысыздык менен токтотулган Андижандын облустук борборунан алыс эмес жайгашкан.
Кыргызстанга келгенден кийин Мусиндин жергиликтүү укук коргоо органдары менен көйгөйлөру болгон.
HRW уюмунун маалыматы боюнча, Мусин өзбек тараптан аны өткөрүп берүү боюнча сурам келгенден кийин төрт ай - 2010-жылдын октябрынан 2011-жылдын февралына чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болгон.
Бирок Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2011-жылдын февралында Мусиндин расмий качкын статусун алгандыгын айтып, өткөрүп берүүдөн баш тартып аны кое берген.
Ички иштер министрлиги Мусиндин жубайынын арызынан кийин качкындын жоголуп кеткендиги боюнча тергөө иштерин баштады.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Мусиндин Кыргызстандан чыгып кеткендиги катталбагандыгын Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.
HRW Кыргызстанда өзбек качкындарына карата терс мамиле байкалаарын белгилөөдө.
«Коңшу Өзбекстандан диний жана башка көз караштар боюнча куугунтукталган качкындарды коргоо боюнча Кыргызстандын тарыхы начар», — деди HRW уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритманн.
Уюм буга чейин Кыргызстанды ноябрдан бери мекенине өткөрүп бербөө чечимине жетишүү үчүн күрөшүп келе жаткан өзбек имамы Хабибулло Сулаймановду кармагандыгы үчүн сынга алган.
Авторлор: Диана Рахманова жана Бектур Искендер