Хроника: Сот 2010-жылдагы революция маалында жабыр тарткандарды суракка алып жатат

овмрлфв

80ден ашык кишинин өмүрүн алып кеткен 2010-жылдагы апрель революциясы маалындагы окуялар боюнча соттун жыйыны өтүп жатат. Сот бүгүн жабырлануучу тарапты суракка алууда.

14:44 Сот жыйыны 27-февралда уланат.

12:34 Сот кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон «альфачы» Жаныбек Бабараимовдун көрсөтмөсүн окуп жатат.

Тергөөчү: Команданын чакырык белгиси кандай болгон?

Бабараимов: Чакырык белгиси «Орел» болчу. Көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы келип түшкөн.

Тергөөчү: Чатырда кимдер болгондугун билесизби?

Бабараимов: Билбейм, бирок чатырдагылардын чакырык белгиси «Небо» болгон.

Тергөөчү: Ок атууларды уктуңуз беле?

Бабараимов: Ооба, уккам.

Тергөөнүн объективсиз жүргүзүлгөндүгүн эске алып мен көрсөтмө берүүдөн баш тартам, сотто гана берем.

12:26 Судья: Камаз тараптан кандай аракеттер болгон?

Анышанов: Мен дайыма эле көзөмөл жүргүзүп тура алган жокмун, коркуп Киев көчөсү тарапка кеткем.

Жакупова: Тактап айтканда, сиз Камаздын Ак үйдүн дарбазасы аркылуу өтүүгө аракет кылгандыгын көргөн жок белеңиз?

Анышанов: Жок, көргөн эмесмин.

Судья: Көзүнө ок тийген кишинин аты менен фамилиясын айтып бере аласызбы?

Анышанов: Жок.

12:22 Жактоочу: Сиз так кайсыл жерде болдуңуз эле?

Анышанов: Мен жарадар болгон маалда үчүнчү арканын жанында болчумун. БТР Ак үй тарапты карап турган.

БТР илбирстин бурчунда, Ак үйдү карап турган. Ал токтогон бойдон, эч жакка жылган эмес.

Жактоочу: Ал маалда сиздин колуңузда бир нерсе бар беле?

Анышанов: Жок.

Жактоочу Жакупова: Сиз Ак үйдүн тосмосунун ичине кирип барууга аракет кылып жаткан унааны көрдүңүз беле?

Анышанов: Ак үйдүн чыгыш тарабында Камаз турган, ал күйүп жаткан.

Жакупова: Эмнеге күйүп атты эле?

Анышанов: Мен билбейм.

Жакупова: Сиз ар дайым үчүнчү арканын жанында болдуңуз беле?

Анышанов: Мен ар дайым кыймылдап тургам.

Жакупова: Ал жерде дагы кандай унаалар болгон?

Анышанов: Дагы аскер унаалары болгон.

12:15 Судья: Тактап берсеңиз, кайсыл тараптан атып жатышты эле?

Анышанов: Жогору жактан да, төмөн жактан да.

Судья: Сиз жогору жактан эле атышкан деп айтпадыңыз беле?

Анышанов: Жеке мени жогору жактан атып жарадар кылышкан.

Судья: Сиз армияда кызмат өтөдүңүз беле?

Анышанов: Ооба.

Судья: Куралдарды түрлөрү боюнча айырмалай аласызбы?

Анышанов: Ооба, жакындан.

Судья: БТРге кандай курал менен атышты эле?

Анышанов: Так айта албайм, автоматтын үнү чыгып аткан.

Судья: БТР тараптан ок атуу болду беле?

Анышанов: Жок.

Судья: Митингтин катышуучуларында курал болду беле?

Анышанов: Билбейм.

12:07 Анышанов: Мен келгенде эл Алма-Ата көчөсү тарапка жылган.

Мен бир аскер унаасы турганын көргөм.

Судья: Сиздин ал жерге барууңуздун максаты эмне болгон?

Анышанов: Мен бардык нерселер камбаттап кеткендиктен баргам.

Чатырдын үч жеринен атып жатышкан, кайсыл жерлерден экенин так айта албайм.

Судья: Митингде элдер эмне кылып жатышты эле?

Анышанов: Эс нерсе, «Бекиев, кетсин» деп эле кыйкырып турушкан.

Анан элдердин Ак үйдүн аймагына кирип барууга аракет кылып, кантип түтөмө снаряддар менен атып баштагандыктарын байкабай калдым.

Алар ал жерге кире алышкан жок, анткени ок атылып жаткан.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиздин байкашыңызча канча адам жарадар болду?

Анышанов: Болжол менен 30 киши. Мен Илбирстин жанында адамдардын кулап жаткандарын көргөм.

11:58 Жабырлануучу Достук Анышманов көрсөтмө берип жатат.

11:49 Бекишев көрсөтмө берип бүттү.

11:48 Мамлекеттик айыптоочу: Сизди ооруканага алып бара жаткан адамдар сиз кайсыл жерден жарадар болгондугуңузду айтып бере алат беле?

Бекишев: Жок. айтып бере албайт болчу.

Мамлекеттик айыптоочу: Сизде ошондо кийип жүргөн кийимдериңиз барбы?

Бекишев: Жок, өрттөп жибергенбиз.

11:45 Сот жообуна тартылып жаткан адам: Сизге курал беришти беле?

Бекишев: Жок.

Сот жообуна тартылып жаткан адам: 7-апрелде сизди жумуштан эмнеге кое беришти эле?

Бекишев: Бизге түшүндүрүшкөн эмес

11:43 Жабырлангандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев: Ал [Бекишев] оорусу тууралуу жазылган нерселерди билбейт, эсинде жок.

Бекишев: Тергөөчүлөр келгенде мен эс-учум жок жаткам.

11:43 Бекишев: Мен ооруканада бир ай жаткам, ким келип сурак алып кеткендиги эсимде жок.

Сот жообуна тартылып жаткандардын бири: А сен билесиңби огуңду иштин материалына кошушкан эмес?

Бекишев: Окту май айындагы операцияда, Ахунбаевдин клиникасынан алып чыгышкан.

Менин чынын айтып жатам, кимге көрсөтмө бергеним эсимде жок.

Сот жообуна тартылып жаткан Цигельников: Сиз кайсы агенттикте иштечү элеңиз?

Бекишев: «Дельтада».

11:34 Бекишев: Дарыгерлерге көрсөтмө бергеним эсимде жок. Менден эч кандай эксперт эч нерсе сураган эмес.

Судья: Дарыгерлер суроо беришкен эмес беле? Эксперт дагыбы?

Бекишев: Жок, беришкен эмес.

Сот жообуна тартылып жаткан Цигельников [Сергей Цигельников - альфачы]: Сиз айткандардын кайсынысы чын? Протоколдогубу же азыр айтып жаткандарыңарбы?

Бекишев: Бүгүн айткандарым чын.

11:27 Жактоочу Бекишевдин сурак протоколунан окуп жатат: «Оорулуунун айткандары боюнча, ал түнкү саат 12:10дон кийин Киев көчөсүндө жарадар болгон».

11:23 Жактоочу: 10-апрелде сиз Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен жарадар болгом деп көрсөтмө берип жатасыз. А азыр башкача айтып жатасыз.

Бекишев: Жок, мен андай көрсөтмө берген эмесмин.

11:19 Бекишев: Тергөөчү мени наркоздон кийин суракка алып жатканды эсимде.

Адвокат: Иштин 21-томунун 14-барагы. Бул жерде сиз Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен жарадар болгом деп жазылган. Бул протоколго кол койгонсуз.

Бекишев: Жок, ал эки көчөнүн кесилишинде эмес, Илбирстин жанында. Киев көчөсүнөн эмес, Чүй проспектисинен.

Жактоочу: Сиз дарыгерлерге кандай жарадар болгондугуңузду айттыңыз беле?

Бекишев: Жок.

Жактоочу: А андан кийин түшүндүрдүңүз беле?

Бекишев: Ооба, андан кийин түшүндүргөм.

11:14 Бекишев: Мен Илбирстин бурчунда тургам.

Судья: Кайсы бурчунда?

Бекишев: Илбирстин чыгыш тарабында, желек жакта.

Мамлекеттик айыптоочу: БТР качан келген? Сиз качан жараат алдыңыз эле?

Бекишев: Мен караңгы киргенден кийин жарадар болгом, БТР болсо күндүз эле болгон.

Коргоочу тараптын жактоочусу: Сиз буга чейин күбө катары берген көрсөтмөлөрүңүздү ырастайсызбы?

Бекишев: Ырастайм.

11:10 Мамлекеттик айыптоочу: Сиз аянтка кандай максат менен бардыңыз эле?

Бекишев: Байкемдин уулу бар. Биз байкемдин баласы жокпу-барбы караганы келгенбиз.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиз саат 10до бир нерсе көрбүңүз беле?

Бекишев: Жок, караңгы болчу. Мен БТРдин жанындагы кишилерди жарадар кылып жаткандыктарын көргөм. Өз көзүм менен эки-үчөөнү көргөм.

11:08 Мамлекеттик айыптоочу: Кандай куралдан атышты эле?

Бекишев: Мен көргөн жокмун, Калашниковдон болуш керек.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиз аянтка эмнеге бардыңыз эле? Байкеңиз уулун таппай калган да?

Бекишев: Ал күнү мени жумуштан кое беришкен. Маршруттук таксилер жок болгондуктан мен аянт аркылуу өтүп бара жаткам.

11:01 Мамлекеттик айыптоочу: Сиз жараатты кайдан алдыңыз эле? Саат канчада? Кайсы тараптан?

Бекишев: Аянттан, Текебаев [Өмүрбек Текебаев - Жогорку Кеңештин депутаты] менен Сариев [Темир Сариев - Экономика министри] кетип бара жатканда байкемди таппай калды. Ошондо жараат алгам.

Кечки саат 10до мени тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишти, менин курсагыма ок тийген. ок чыкпай кабыргалардын ортосунда калып калган.

Мен ооруканадан эсиме келгенде окту алып, тергөө органдарына бергендиктерин айтышты.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиз жарат алганда кайсыл тарапты карап турдуңуз эле жана кантип жыгылдыңыз?

Бекишев: Кантип ок тийгени эсимде жок, бирок мен жыгылгандан кийин балдар ооруканага алып баргандыктарын эсимде.

Мамлекеттик айыптоочу: Кайсыл жерден атышты эле?

Бекишев: Билбейм, бирок ок Ак үй тараптан атылган.

Мамлекеттик айыптоочу: Ал учурда сиздин колуңузда эмне бар эле?

Бекишев: Эч нерсе жок болчу.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиз аянтка келгенде элдин колунан курал көрдүңүз беле?

Бекишев: Жок, калкандар эле болгон.

10:47 Бекишев: «БТР Илбирстин имаратынын жанына токтогондо элдер Шаботоевдин [Руслан Шабатоев - парламенттин экс-депутаты] сүрөтүн иле башташкан.

БТР болжол менен саат үч-төрттөрдө келген, так айта албайм. Ал асманга 4-5 жолу ок чыгарган.

10:40 Мамлекеттик айыптоочу: Сиз Илбирс менен Тарых музейи тараптан атып жаткан адамдарды көрдүңуз беле?

Бекишев: Жок. Мен Ак үйдүн чатырындагы маска кийген адамдарды көргөм.

Мамлекеттик айыптоочу: Сиз алардын адамдарга карата ок чыгаргандыктарын көрдүңүз беле?

Бекишев: Жок, чатырдагылар аткан эмес.

10:35 Бекишев: «Мен ал саат канчада болгонун так билбейм, бирок унаа Ак үйдүн дарбазасына кирип барганда рулда отурган баланы атып салышкан.

Ок атып баштаганда элдин кыжыры кайнап Ак үйдүн имаратына кирип барууну каалашкан».

10:33 Бекишев: «Ал маалда БТР келип бурчка токтоп, ок ата баштаган. Ак үй тараптан да ок атылган, анда формачан милиция кызматкерлери элге ок атышкан».

10:28 Бекишев: «Биз байкем экөөбүз аянтка барганбыз. Анда киши өтө көп болчу. Биз ок атып жаткандыктарын көргөнбүз».

10:25 Мамлекеттик айыптоочу: «7-апрелди кандай өткөрдүңүз эле, ошол тууралуу айтып берсеңиз. Форумда, аянтта эмне болду эле? Кандай жарааттарды алдыңыз эле?»

10:23 Сот 2010-жылдагы революцияда жарадар болгон жабырлануучу Нурлан Бекишевди суракка алып жатат.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Шахида Дүйшеева