Жалал-Абад: Бирин-бири кайталаган биринчи вице-мэр көйгөйү прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин чечилди

овмрлфв

Жалал-Абаддын мэри Мухтар Арапбаев учурдагы вице-мэр Урмат Маматовду кызматтан кетирбестен эле ал орунга Таирбек Чойбековду дайындагандан кийин анда бир аптадан бери эки биринчи вице-мэр иштеп келген. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин Маматов өз кызматын сактап калды.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы шаардын мэри Мухтар Арапбаевге бир гана вице-мэрди калтыруу эскертмесин берди. Арапбаев учурдагы вице-мэрди кызматтан кетирбей туруп анын ордуна өз кишисин дайындап койгон.

Мэриянын өкүлү 18-февралда болгон адаттан тыш юридикалык иштин себептери боюнча түшүндүрмө берген жок.

«Ал эскертүүнү мэр эсине алат», — деп билдиришти кабылдамадан Kloop.kgнин кабарчысына.

Аты-жөнүн билдирбеген мэриянын өкүлүнүн айтымында, учурдагы биринчи вице-мэр Урмат Маматов өз кызматында калып, Чойбеков экинчи вице-мэр болот.

«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Жалал-Абад шаарында бир гана вице-мэр болушу керек.

Облустук прокуратура вице-мэрди дайындоодо кетирилген ката тууралуу «Акипресс» маалымат агенттигинде басылып чыккан макала аркылуу билген.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) өкүлү Мухтар Арапбаев бир апта мурун гана Жалал-Абаддын мэри болгон — ага шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си добуш берген, алар негизинен Арапбаевдин партиялаштары.

Буга чейин өзүнүн «Өнүгүү» партиясын жетектеген Бакыт Адылов мэр болуп турган. Анын партиясы ноябрдагы шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгондугуна карабастан көпчүлүк коалициясын тузө алган эмес.

Автор: Зарема Султанбекова