Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен Маданият министри Ибрагим Жунусовду кызматтарынан кетирди. Азырынча мекемелердин жаңы башчылары белгисиз.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү 24-февралда эки министрдин кызматтан кетирилгендигинин себебин билдирген жок.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аталган министрлердин кызматтан кетирилиши өкмөттүн жакында эле жаңыланган түзүмүнүн өзгөртүлгөндүгү менен байланыштуу экендигин билдирди.
Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп өзгөртүлөт.
Маданият жана туризм министрлигинин аталышына «маалымат» сөзү кошулат.
Президентке Жунусов менен Алымкуловду кызматтан кетирүүнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган. Өкмөт башысы менен президент кечээ, 25-февралда жолугушкан.
Буга чейин маалымат агенттиктеринде Жунусов ММКлардын ишмердүүлүгүн лицензиялоону көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон, бул журналисттердин нааразычылгын жараткан.
Өкмөт Жунусовдун бул билдирүүсүн «мыйзамга каршы келет» деп атаган.
2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүш маалында башына ок тийип жарадар болгон ишкер Алиясбек Алымкулов жаңы бийлик келгенден бир ай өткөндө, 2010-жылдын май айында Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министи болуп дайындалган.
Автор: Зарема Султанбекова