2010-жылдагы революция боюнча сот: Экспертиза үчүн процесс катышуучулары Ак үйдүн чатырына чыгышат

өкмөт үйү

2010-жылдагы революция боюнча өтүп жаткан сот процессинин катышуучулары Ак үйдүн чатырына чыгышат. Бул президент Бакиев бийликтен кеткен күнкү чатырдагы атуулар жөнүндө берген жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн текшерүү үчүн жасалат.

Соттун 27-февралдагы жыйынында 2010-жылдагы революцияда жарадар болгон жабырлануучулардын көрсөтмө берген төртөө тең 7-апрелде Ак үйдүн чатырынан ок атуулар болгондугун билдиришти.

Алардан сырткары буга чейин революция боюнча сот процессинде көрсөтмө берген башка жабырлануучулар менен ал күнү Ак үйдү коргогон бир катар атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери да чатырдагы ок атуулар тууралуу айтышкан.

Жабырлануучулар көрсөтмө берип бүткөндөн кийин алардын жактоочусу Осунбек Жамансариев соттун бүгүнкү жыйынында айтылгандардын тууралыгына ынануу үчүн Ак үйдүн чатырына чыгууну сунуштады.

Сотто 2010-жылдагы революция маалында жарадар болгондордун бири Амантур Мамбетов ал күнү Ак үйдүн чатырынан эң эле аз дегенде үч снайпер көргөндүгүн билдирди.

Дагы бир жабырлануучу Асылбек Кодоев 2010-жылдын 7-апрелинде ага эки ок тийгендигин жана экөө тең өкмөт үйүнүн чатырынан атылгандыгын айтты.

«Бир ок тийгенден кийин мен чуркап жөнөгөм, анан дагы бир жолу атышты. Ал белиме тийип курсагымдын төмөнкү жагынан чыгып кеткен», — деди сотто Кодоев.

Судья Дамирбек Оңолбеков кийинки жыйынга Ак үйдүн чатырына чыга турган адамдардын тизмесин даярдап келүүнү өтүндү.

Ак үй — ал убакта Кыргызстандын президенти менен өкмөтү отурган Бишкектин борборунда жайгашкан административдик имараттын расмий эмес аталышы.

Учурда президент менен парламент ээлеп турган мекеменин чатырында экспертиза качан жүргүзүлөөрү азырынча белгисиз.

2010-жылдагы революция боюнча сотто жабырлануучулардын бардыгы тең Ак үй тараптан ок атуулар болгондугу тууралуу билдирип жатышат. Ошол эле маалда экинчи тарап — негизинен анда өкмөт үйүн коргоп жаткан «Альфа» атайын багыттагы аскерлер тобунун кызматкерлери — аларга ок атпоо буйругу берилгендигин билдиришүүдө.

Сотто «альфачылар» менен Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери митингтин катышуучулары тарабынан уурдалган бронетранспортердун дөңгөлөгүнө гана ок аткандыктарын мойундарына алып жатышат.

Авторлор: Айзирек Алмазбекова жана Дарина Манасбекова

Редакторлор: Шахида Дүйшеева жана Бектур Искендер