Апрель революциясы маалында жабыр тарткандардын көрсөтмөлөрү

овмрлфв

26-февралдагы соттун жыйынында Нурлан Бекишев менен Достук Анышановдор 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында кантип жарадар болгондуктары тууралуу көрсөтмө беришти.

Жабыр тарткандардын көрсөтмөлөрү сөзмө-сөз келтирилген:

Нурлан Бекишевдин көрсөтмөсү:

«Ал күнү мени жумуштан эрте кое беришкен. Маршруттук таксилер жок болгондуктан аянт аркылуу өткөм.

Байкем уулун таппай жаткан, анан биз ал аянттабы-жокпу билүү үчүн келгенбиз. Анда эл өтө көп болчу. Биз октор атылып жаткандыгын көрдүк.

Болжол менен саат үч-төрттөрдө Ак үйгө БТР [бронетранспортер] келди. Ал Илбирстин имаратынын жанына токтоп, болжол менен 4-5 жолу асманга атты.

Жабыр тарткандардын көрсөтмөлөрүнүн толук хроникасын окуу

Ак үй тараптан да ок атылган, анда формачан милиция кызматкерлери да элге ок атты. Анан элдин кыжыры келип Ак үйдүн имаратына кирип барууга аракет кылышты.

Мен Илбирс менен Тарых музейи тараптан атып жаткан адамдарды көргөн эмесмин. Ак үйдүн чатырындагы маска кийген адамдарды көргөм.

Аянттан, Текебаев [Өмүрбек Текебаев - Жогорку Кеңештин депутаты] менен Сариев [Темир Сариев - Экономика министри] кетип бара жатканда байкемди таппай калды. Ошондо жарадар болдум.

Мени кечки саат 10до тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишти, менин курсагыма ок тийген, ал чыкпай кабыргалардын ортосунда калып калган.

Мен ооруканадан эсиме келгенде окту алып, тергөө органдарына бергендиктерин айтышты.

Кантип ок тийгени эсимде жок, бирок мен жыгылгандан кийин балдар ооруканага алып баргандыктарын эсимде. Ок кайсыл тараптан атылгандыгы да эсимде жок, бирок Ак үй жакта болгон. Эмне курал менен аткандыктарын да билбейм, бирок менимче Калашников болсо керек.

Мен ооруканада бир ай жаттым, ким келип сурак алып кеткендиги эсимде жок.

Окту май айындагы операцияда, Ахунбаевдин клиникасынан алып чыгышты. Мен чынын айтып жатам, кимге көрсөтмө бергеним эсимде жок.

Достук Анышановдун көрсөтмөсү:

Карындашым форум жакта иштейт, ошондуктан ал жакта болуп калдым. Биз барганда анда эл көп болчу. Болжол менен саат экилерде атып башташты, саат үчтө адамдар өлө баштады.

Митингке мен бардык нерселер камбаттап кеткендиктен улам баргам.

Мен барганда эл Алма-Ата көчөсү тарапка жылган. Бир аскер унаасы турганын көргөм.

Чатырдын үч жеринен атып жатышкан, кайсыл жерлерден экенин так айта албайм.

Митингтегилер эч нерсе кылбай эле «Бекиев, кетсин» деп кыйкырып турушкан.

Анан элдердин Ак үйдүн аймагына кирип барууга аракет кылып, кантип түтөмө снаряддар менен атып баштагандыктарын байкабай калдым. Ал жерге кире алышкан жок, анткени ок атылып жаткан.

Анда болжол менен 30 киши жарадар болду. Мен Илбирстин жанында адамдардын кулап жаткандарын көргөм.

Жогору жактан да, төмөн жактан да атып атышкан, жеке мени жогору жактан атып жарадар кылышты.

Эмне курал менен аткандыктарын так айта албайм, автоматтын үнү чыгып жаткан. Митингктин катышуучуларында курал болгон эмес.

Саат алтыда катуу ата башташты, а саат жетиде болсо мен ооруканага жеткирилдим.

Менин жанымда бир киши турган, анын көзүнө ок тийди. Менин бутума тийди. Мен ал кишини кармап калууга аракет кылгам, бирок ал мени басып жыгылды.

Мен жарадар болгон маалда үчүнчү арканын жанында болчумун. БТР Илбирстин бурчунда, Ак үйдү карап турган. Ал токтогон бойдон, эч жакка жылган эмес.

Ак үйдүн чыгыш тарабында күйүп жаткан Камаз турган. Дагы аскер унаалары да болгон.

Анан тез жардам унаасы келип бизди ооруканага алып кетти. Алар менин бутумдагы окту алып чыга алышкан жок. Бир, бир жарым айдан кийин алып чыгышаарын айтышты.

Бутумдагы окту ала албайбыз деп айткандан кийин менин жанымдагы эки киши каза болуп калгандыгын көрдүм. Мен коркуп кетип, медициналык жардамдан баш тартуу боюнча кагазы жазып бердим, анан мени ооруканадан чыгарышты.

Окту болжол менен бир жылдан кийин алып чыгышты, ок үйүмдө турат, алып келип көрсөтө алам.

Автор: Шахида Дүйшеева