Асылып өлгөн жоокердин туугандары: «дедовщина» күнөлүү

овмрлфв

16-февраль күнү Бишкекте асылып өлгөн жоокердин үй-бүлөсү өз жанын кыюууга чейин аны бирге кызмат өтөгөн аскерлер жеткирген деп эсептешүүдө. Бул маалыматты аскер бөлүгүнүн офицерлери четке кагып жатышат.

Асылып өлгөн катардагы жоокер Эрлан Эркинбек уулунун апасы Кайыргүл Канаталиева уулу өзүнүн күнөөсү үчүн өз жанын кыйган деген версия менен макул эмес.

Ал өлүм алдында жазылган каттагы кол жазма уулунуку эместигин айтып, далилдөөгө аракет кылып жатат.

«Аны мажбурлашкан [өз жанын кыюууга]. Катта — анын кол жазмасы эмес, анын кол жазмасы — аты гана. Экспертиза ырастай алат», — деди Канаталиева Бишкекте өткөн 27-февралдагы маалымат жыйынында.

Анын айтымында, улуу жоокерлер аны түндө жарым жылаңач тургузуп, тамеки менен «Ягуар» деген аталыштагы спирт ичимдигин таап келүүгө мажбурлашкан.

«Адилеттүү кошумча тергөө жүргүзүү үчүн аягына чейин барам. Уулум армияда өз жанын кыйгандардын акыркысы болушу керек», — деди Канаталиева.

Асылып өлгөн небересин үйүнүн дааратканасынан тапкан Эркинбек уулунун чоң энеси Дамира Эсеналиева ал күнү небереси бир күнгө кызматтан бошотулгандыгын жана «кимдир бирөөдөн жашырынгандыгын» билдирген.

«Бирге тамактанып, телевизор көргөнбүз, берген суроолорго Эрлан кыска жооп берип, кечке эле СМС жазып, кайра кабыл алып жаткан. Анан 18:30да дааратканага кеткен [...] Анын асынып алгандыгын тешик аркылуу көрдүм», — деди Эсеналиева журналисттерге.

Жоокердин досу жана классташы Темирлан Муратов Эркинбек уулу ага армияга барганына өкүнүп жатканын айтып бергенин айтты.

Жоокердин бир тууганы Эламан Эркинбек уулу анын башындагы уруп-согуулардын тактарын көргөндүгүн билдирди.

Басма сөз жыйынына келген аскер бөлүгүнүн офицерлери ММК өкүлдөрү менен көп сүйлөшпөөгө аракет кылып жатышты.

Аскер кызматкерлеринин бири Kloop.kgнин кабарчысына алардын бөлүгүндө «дедовщин жок» экендигин айткан.

Учурда жоокердин каза болгондугу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат.

Автор: Зарема Султанбекова