«Кумтөр» жөнүндөгү макулдашуу кылмыш ишинин козголушуна себеп болду

овмрлфв

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу макулдашууну бекитүүдөгү мүмкүн болгон мыйзам бузуулардан улам кылмыш ишин козгоду. Кыргызстан «Кумтөр» таандык болгон «Центерра» компаниясынын акциясынын 33 пайызына ээлик кылат.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоодо «Кумтөр» алтын кенин текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчетуна таянууда.

Учурда канада-кыргыз компаниясы иштин материалдары менен таанышып жатат, азырынча алар комментарий берүүдөн баш тартышууда.

Башкы прокуратуранын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын чиновниктери 1992-жылдан 2009-жылга чейин «Кумтөрдүн» канадалык ээлери менен «Кыргызстан үчүн көзкөрүнөө пайдасыз макулдашууларды» бекитишкен.

Башкы прокуратура төмөнкү кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон:

  • Коррупция (303-берене)
  • Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (304-берене)
  • Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү жана мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу (306-берене)

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы бул иш боюнча аларда мындан башка так маалымат жок экендигин билдирди.

«Кумтөрдүн» коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн азырынча иштин материалдары менен таанышып жаткандыктарын айтып, комментарий беришкен жок.

Бир апта мурун парламент Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы макулдашууларды кайрадан карап чыгууну байкаштырып жаткан “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчетун болжолдуу түрдө канааттандырган.

Ал отчетко ылайык, «Кумтөр» долбоору башталгандан бери экологиялык нормалардын бузулушунан улам жалпысынан 6,7 миллиард сомдук зыян келтирилген.

«Кумтөр» толугу менен «Центерра» компаниясына таандык. Өз кезегинде ал компаниянын 33 пайыз акциясына Кыргызстан ээлик кылат.

«Кумтор» 1997-жылдан бери Кыргызстандан казылган чийки заттан 180 тоннадан ашык алтын өндүргөн.

«Кумтөр» Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизген негизги компания болуп саналат, бирок анын статусу Кыргызстанда тез-тез талаш-тартыштарды жаратып келет.

Дал 2012-жылдагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингте оппозициянын «Ата-Журт» партиясындагы лидерлери кармалышкан, алар бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп айыпталып жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова