Кыргызстандык команда КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалына өттү

овмрлфв

«Азия Микс» биринчи оюнунда нягандык «Кефир» менен 3-орунду бөлүшүп КВНдин Жогорку лигасынын кийинки этабына өттү, деп жазылган оюндун расмий сайтында.

Оюндун жыйынтыгы боюнча, «Азия Микс» Жогорку лиганын 1/8 финалдык бөлүгүндө жеңишке жеткен Пятигорсктун «ГородЪ ПятигорскЪ» командасынан 0,6 упайга аз алып, 10,7 упайга ээ болду.

Оюнга беш команда катышып, жыйынтыгында алардын үчөө чейрек финалга өтүшү керек болчу, бирок эки команда - «Азия Микс» менен «Кефир» үчүнчү орунга ээ болгондуктан оюндун кийинки баскычына төрт команда өттү.

«Азия Микс» «Түштүккө карай жол» деп аталган «Саламдашуу» сынагында алгачкылардан болуп сахнага чыкты.

КВНдин Эл аралык союзунун расмий сайтындагы маалыматтар боюнча, команданын «Саламдашуудагы» негизги каарманы ойдон чыгарылган «Кыргызстандын маданият жана бокс министри» болуп, анын ролун Эльдияр Кененсаров аткарган.

«Ал ролду өзгөчө бир оюндук басым менен бере алды. Министрдин чыгышы ар дайым тексттик тамашалар жана анын команда менен катуу тартип менен, бирок калыс маектешүүсүнө мол болду», — деп баалады кыргызстандыктын аракетин оюндун тексттик он-лайн трансляциясынын алып баруучусу Михаил Дьяченко.

Ал «Азия Микс» москвалык көрүүчүлөргө жаккандыгын жазган.

«Ал бул оюнда залды жандандыра турган көрүнүктүү, кыймылдуу жана дуулдаган идеалдуу команда болду. Жакшы башталыш, залга жакты», — деп эсептейт Дьяченко.

Саламдашуусу үчүн команда мүмкүн болгон беш упайдын 4,5ин алды.

«Разминкада» Кыргызстандан барган команда өзүн өтө жакшы көрсөтүп, сынакта жеңишке жетти.

«Маданиятсыз эс алуу» деген темадагы «Музыкалык үй тапшырмада» команда мүмкүн болгон алты упайдын 5,2син алды.

Команда «музыкалкада» Чынгызхандын корпоративиндеги маданиятсыз эс алууну көрсөттү.

Алар сахнадан кетээрде Бишкекте туулган орусиялык «Город 312» тобунун ырчысы Светлана Назаренко «Останусь» деген ырын аткарды.

Азырынча маектешүү үчүн «Азия Микс» жеткиликсиз болууда.

Оюндун жыйынтыгы:

  • «ГородЪ ПятигорскЪ», Пятигорск курамасы — 11,3
  • Физтехтин курамасы, Долгопрудный — 11,1
  • «Азия mix», Бишкек — 10,7
  • «Кефир», Нягань — 10,7
  • «Евразы-РостГМУ», Ростов-на-Дону — 10,0

Оюндун эрежеси боюнча, Ростова-на-Дону шаарынан келген команда Жогорку лиганын 2013-жылдагы сезонунан четтетилди.

Жалпысынан сезондо 1/8 финалдык бөлүктө төрт оюнга бөлүнгөн 19 команда катышат.

«Азии Микс» үчүн бул оюн КВНдин Жогорку лигасындагы алгачкы саамалыгы болду. Оюн 26-февраль күнү кечинде Москвада өттү. Аны орусиялык Биринчи каналдан 3-мартта, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө көрсөтөт.

Команда КВНдин беделдүү лигасына 2013-жылдын январында Орусиянын Сочи шаарында өткөн «КиВиН-2013» фестивалынын тандап алуу бөлүгүндөгү ийгиликтүү аракеттеринин эсебинен өткөн.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

1964-жылдан бери анын алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда - 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.

Автор: Александра Ли