Бишкек: Имаратынын алдына таштанды чогултуу акциясына мэрия ишембилик менен жооп берет

өкмөт үйү

Бишкектин активисттери алдыдагы ишембиде борбордун көчөлөрүндөгү таштандыларды чогултуп, аларды мэриянын имаратына алып баруу боюнча акция өткөрүүгө даярданып жатышат. Акциянын жүрүшүндө алар шаар башчысы Иса Өмүркуловдун кызматтан кетиши үчүн кол топтошот. Мэрия өзүнүн ишембилигин өткөрөөрүн билдирди.

Бишкек мэриясынын имаратынын жанына таштандыларды чогултуу идеясы социал-демократ Иса Өмүркуловдун шаар башчысы болуп туруусуна каршы болгон фейсбуктагы «Иса, кетсин» баракчасынын авторлоруна таандык.

Алар нааразычылыктарынынын бири болгон Бишкектин көчөлөрүндөгү тазалыктын жоктугун акция түрүндө билдирүүнү чечишкен — акциянын катышуучулары шаардын көчөлөрүнөн чогулган таштандыны мэриянын имаратына алып келишет.

Мындан сырткары «Иса, кетсин» баракчасынын авторлору мэрдин кызматтан кетиши үчүн онлайн-петиция башташты - анын жүрүшүндө катышуучулар «миң кол топтолот» деп үмүттөнүп жатышат.

Макала жазылып жаткан маалда 2-мартта өтө турган бул акцияга «Фэйсбуктун» 170 колдонуучусу катышаарын билдирген.

Дагы 79 колдонуучу «барышым мүмкүн» деген пикирлерин калтырган.

Өмүркуловдун каршылаштары башка нааразычылыктары катары «талкаланган жолдор» менен «шаардын сымбатсыз көрүнүшүн» айтып келишет.

Өздөрүнүн ишембилиги

Бишкек мэриясынан эгер акциянын жүрүшүндө чогулган таштанды чындап эле мэриянын имаратына алынып келинсе алар тараптан кандай аракеттер көрүлөөрүн айтып бере алышкан жок.

Өз кезегинде бул иш-чара боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан Бишкек мэриясы апрелде шаарды таштандылардан тазалоо боюнча өз акциясын өткөрө тургандыгын билдирди.

«Бизде эси жок жарандар таштандыларын тыюу салынган жерлерге алып чыгышат, андан сырткары орой айтканда адамдар Бишкек боюнча таштандыларын көрүнгөн жерге ыргытышат», — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Өмүркуловго каршы уюштурулуп жаткан бул акция «Фэйсбук» колдонуучуларынын арасында түрдүү реакция жаратты.

«Таарынбагыла, бирок мунун баары болбогон нерсе! Бул жолдош [Иса Омуркулов] Атамбаев [Кыргызстандын президенти] кеткенде гана кетет. А силердин акцияңар анын күнүмдүк турмушун жайкап турат», — деп эсептейт Кубанычбек Ибраев деген колдонуучу.

Эркин Рыскулбеков аттуу колдонуучу тескерисинче, акцияны колдойт жана кандай гана аба ырайы болбосун катышууга даяр.

«Ал күнү бурганак болсо да барам!”, — деп жазган ал иш-чаранын баракчасына.

Милиция кийлигишпейт

Алдыдагы акция боюнча комментарий берип жатып Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан ишемби күнү укук коргоо органдары коомдук тартипти гана карай тургандыктарын билдиришти.

«Биз кандайдыр бир уюмдун акциясына кийлигишпейбиз. Биздин максат — тартипти сактоо. Эгер кимдир бирөө мыйзам буза турган болсо ал токтотулат», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине.

Чогултулган таштандыны мэрия имаратынын жанына алып келүү мыйзам бузуу болуп саналабы-жокпу ИИМдегилер айтып бере алышкан жок.

«Мен азыр так айта албайм. Алдабай эле коеюн, бул мыйзамда каралганбы-жокпу билбейм», — деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү.

Бул мэр Өмүркуловго каршы «Иса, кетсин» баракчасынын алгачкы акциясы эмес.

Январда «Фэйсбуктун» колдонуучулары Өмүркуловдун кызматтан кетиши үчүн бир сутканын ичинде эле миңден ашык «добуш» топтой алышкан.

Анда «Иса, кетсин» баракчасы эгер «добуштардын» саны 10 миңге жетсе мэрди кызматтан кетүүгө чакырган.

Мэрия буга жооп катары ал демилге «эч нерсени түшүндүрбөй» деп билдирген.

Автор: Азат Рузиев