Атаханов күч органдарынын ишин координациялоо боюнча вице-премьер болуп дайындалды

IMG_0064_

Парламент 28-февралда ИИМдин мурунку башчысы Шамиль Атахановду коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер кызматына бекитти. Ага каршы добушун жыйынга катышып жаткан 87 депутаттын бирөө гана берди.

Күч органдарынын ишин координациялоо боюнча вице-премьер кызмат орду 2013-жылдын февралынын башында пайда болгон. Болжол менен ошол эле маалда Атахановдун кызматтан кетиши мүмкүндүгү жөнүндө ушактар пайда боло баштаган.

Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы кызматынан 22-февралда кеткен. Анда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы Атаханов кызматынан башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кеткендигин билдирген. Бирок анда өлкө башчысынын аппараты анын кайсыл кызматка дайындалаарын тактап айткан эмес.

Саясат таануучу Марс Сариев күч органдарынын ишин координациялоо боюнча вице-премьерлик кызмат орду атайын Атаханов үчүн түзүлгөн деген пикир менен макул.

«Менин оюмча, кызмат атайын эле Атаханов үчүн түзүлгөн, анткени кадрларды жөн гана чача бербейт. Мында Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы сыяктуу жабык мекемелерге сырттан келген адамдар анча жактырыла бербегендей эле баналдуу жагдай болду», — деди Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

Саясат тармагы боюнча башка талдоочу Марат Казакпаев аталган кызматтын түзүлүшүн туура эмес деп эсептейт. Айтымында, ал чечим Өзбекстандын сунушу менен кабыл алынган.

«Кызматтын Өзбекстан каалагандыктан түзүлгөндүгү өтө начар практика. Бул өтө олуттуу маселе, биз Өзбекстанды же дагы башка мамлекетти угуп, алардын таасири астында түрдүү кызматтарды ойлоп таппашыбыз керек», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Шамиль Атаханов ИИМ башчылыгына 2012-жылдын ноябрынын башында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан кеткенден кийин дайындалган.

Анын ИИМдин башчысы болуп турушу мекеменин ичиндеги бир катар чыр-чатактар менен коштолгон — министрге кээ бир департамент жетекчилери ачык эле каршылык көрсөтүп башташкан.

Автор: Olya M.