Костанай-Астана унаа жолундагы бороондон улам Кыргызстандын жарандары бар үч унаанын жүргүнчүлөрү Казакстандан кайтып келе албай жатышат. Казакстандын гидрометеорологиялык борборунун маалыматы боюнча, Костанай облусунда кар 3-мартка чейин жаайт.
Айдоочу Николай Махортов Kloop.kgге берген маегинде аны менен бирге Кыргызстандын жарандары бар эки унаа аталган жол аркылуу өтө албай, үйлөрүнө жетпей тургандыгын билдирди.
«Полиция кафе бар, токтоп турууга ыңгайлуу жерлерде токтотуп жатат. Жолдор тазалангыча — полиция трассаны ачпайт», — деди ал.
Махортов алардын арасында жабырлангандар жок экендигин кошумчалады.
Костанай-Астана унаа жолундагы тыгында турган дагы бир айдоочу Ибрагим Махортовдун айткандарын ырастады.
«Бул жерде өтө катуу бороон болуп жатат», — деди ал.
Костанай облусунун Ички иштер департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Касарина Kloop.kgге берген маегинде аба ырайынын «начардыгынан» улам облустун бардык жолдору жабылгандыгын билдирди.
«Жолдор бир күн бою жабык болот. Учурда бардык республикалык маанидеги жолдор кардан тазаланууда», — деди Касарина.
Касарина зарыл болсо андагы кыргызстандыктардын бардыгына жардам берилээрин белгиледи.
«Синоптиктер бороон кечке жакын катуулайт деп айтып жатышат. Алардын маалыматтары боюнча, бороон менен бирге абанын температурасы да кескин төмөндөйт», — деп кошумчалады басма сөз катчы.
Казакстандын гидрометеорология борборунун сайтындагы маалыматтар боюнча, Костанай облусунда кар 3-мартка чейин жаайт.
Автор: Виктория Васильева
Редактор: Шахида Дүйшеева