Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын тагдыры окуучулардын суроо-талабына байланыштуу болот

IMG_0064_

Мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болгон Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү менен алектенген уюм эгер тестти өзбек тилинде тапшырууну каалагандардын  саны «белгиленген бир чекке» жетсе ал версиясы калтырылышы мүмкүн деп билдирди.

Эгер суроо-талап көп болсо Жалпы республикалык тесттин өзбек тилдүү версиясы сакталып калышы мүмкүн — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына тестти өткөрүү менен алектенген Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун административдик менеджери Асель Базарбаева билдирди.

Тесттин өзбек тилдүү версиясынын популярдуулугун аныктоо республикалык тестирлөөгө катталып жаткан ар бир окуучу толтура турган «форма 1» аркылуу аныкталат.

«Анда атайын тестирлөөнүн тили деген графа болот. Жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде тапшырылабы-жокпу аталган форма иштеп чыгуу үчүн бизге келгенде белгилүү болот», — деди Базарбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Ал тестирлөөнүн өзбек тилинде өткөрүлүшү үчүн каалоочулардын саны канчага жетиши керектигин айтып бере алган жок.

«Эгер алардын саны [тестти өзбек тилинде тапшырууну каалагандардын саны] белгиленген бир чекке жетсе, анда тест өзбек тилинде да өткөрүлөт», — деди Базарбаева.

Анын айтымында, тесттин өзбек тилдүү версиясын калтыруу же калтырбоо боюнча акыркы чечимди Билим берүү министрлиги - өткөрүлүп берилген статистикалык маалыматтардын негизинде кабыл алат.

Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 11-марттан 11-апрелге чейин созулат, тесттин өзү май айында өткөрүлөт.

Татаал маселе

Кыргызстанда республикалык тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрүүнүн муктаждыгы жөнүндөгү талаш-тартыштар 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышуудан кийин өзгөчө күчөгөн.

Жалпы республикалык тестирлөө өлкөдөгү эң көп сандагы этникалык азчылыктын тилинде жаңы ачылган - 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет, бирок улуттар аралык кагылыштан кийин өзбек тилдүү версиясынын маселеси дебаттар менен митингдерге себеп болуп калды.

Өзбек версиясына каршы болгондор Кыргызстандын окуучулары тестти мамлекеттик жана расмий тилдерде — кыргыз жана орус тилдеринде гана тапшыруулары керек деп эсептешүүдө.

Башка тарап болсо өзбек версиясын алып салууну окуучулардын «укуктарын кемсинтүү» катары баалап жатышат — алардын белгилөөлөрү боюнча, саны боюнча Кыргызстанда өзбек тилдүү мектептер кыргыз жана орус тилдүү мектептерден кийинки үчүнчү орунда турат.

2011-жылдагы маалымат боюнча, Ош сыяктуу ири шаарларда өзбек тилдүү мектептер башка тилдеги мектептерге караганда көп катталган, бирок андан бери аларды акырындык менен кыргыз тилдүү мектептерге которуу тенденциясы байкалууда.

Бийликтегилер комментарий бербей эле

Бишкекте 2012-жылдын жаз айларында Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилиндеги версиясына каршы митинг өткөндө Билим берүү министри аларды колдолгон эмес.

«Бизде өзбек тилдүү окуучулар бар, ал эми Конституцияда бардык улуттун өкүлдөрүнүн өз тилдеринде билим алууга укуктары бар деп жазылган. Андай болбосо бул адам укуктарын чектөө болуп калат», — деген министр Канат Садыков парламент жыйындарынын биринде

Бирок 2012-жылдын декабрында Билим берүү министрлиги менен Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борбору тестирлөөнү өткөрүү боюнча жаңы келишим түзүшкөн, анда өзбек тили көрсөтүлгөн эмес.

Бул маалымат ачыкка чыгарылган эмес. Ал жөнүндө Kloop.kgнин кабарчылары 2013-жылдын башында, Билим берүү жана анын ыкмаларына баа берүү борборунун директору Инна Вальковадан интервью алып жатканда кокустан белгилүү болгон.

Анда Билим берүү министрлиги келишимге кол коюлгандыгына карабастан тестирлөөдөн өзбек тилдүү версиясынын алынгандыгын ырастоодон баш тарткан — январда басма сөз катчы Керез Жукеева комментарий берүү үчүн мекеме Жалпы республикалык тестирлөө кандай өткөрүлөөрү тууралуу отчет ала электигин айткан.

Билим берүү министрлиги бул жолу да дал ошондой кадамга барууда  — Kloop.kgнин кабарчысы Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы боюнча сурап баштаганда алар байланышты өчүрүп, андан кийинки телефон чалууларга жооп бербей койду.

Авторлор: Бектур Искендер жана Диана Рахманова

Сүрөттө 2011-жылы өзбек тилдүү класстарынын бардыгы жоюлган Ош облусунун Мады айылындагы №86 мектеп