«Ата-Журттун» депутаттарынын иши боюнча сотто анонимдүү күбөлөр суракка алынбайт

IMG_0064_

Жашыруун түрдөгү Мергенчи жана Патриот деген анонимдүү эки күбө жыйынга келбегендиктен сот аларды суракка албоо жана көрсөтмөлөрүн «ата-журтчулардын» ишинин материалынан алып салуу чечимин кабыл алды.

Жактоочулардын бири Мергенчи жана Патриот деген эки күбө менен жеке өзү жоолуккандыгын билдирди. Анын айтымында, ал жашыруун күбөлөр кечирим суроого жана сот жообуна тартылып жаткандар менен бирге тергөө абагына отурууга даяр экендиктерин айтышкан.

Судья алгач жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн иштин материалында калтыруу чечимин кабыл алган, бирок сот жообуна тартылып жаткандар менен жактоочулардын өтүнүчү, ошондой эле күбөлөрдүн айткандарын эч ким ырастабагандыктан кайрадан алып салды.

«Эч кандай Мергенчилер менен Патриотторду укпаш керек. Алар кимдер? Таптакыр түшүнүксүз. Мүмкүн үй-жайсыз адам, аракеч же уурудур», —деди сотто жоопко тартылып жаткан депутат Камчыбек Ташиев.

Ата-Журттун» үч лидери - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорго коюлуп жаткан айыптоолор дээрлик толугу менен эки анонимдүү - Мергенчи жана Патриот деген күбөдөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде тизмектелген.

Алар өз көрсөтмөлөрүндө өткөн жылдын октябрындагы митингтин жүрүшүндө «Ата-Журттун» депутаттары бийликти күч колдонуп басып алууга чакырышкан деп билдиришкен.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Айзирек Алмазбекова