Чет элдик паспортторду даярдоо иши мамлекетке июлдан кийин өткөрүлүп берилет

IMG_0064_

Учурда кыргызстандыктар үчүн чет элдик паспорт жасап жаткан компаниянын жетекчиси бул ишти мамлекетке өткөрүп бергенге чейин алардын фирмасы дагы 130 миңдей документ даярдап бүтүшү керек экендигин билдирди. Айтымында, буга төрт айдан кем эмес убакыт талап кылынат.

«Интел Линкстин» директору Таалайбек Жумадылов Kloop.kgге берген маегинде мамлекет менен компаниянын ортосунда келишим түзүлүп жатканда чет элдик паспорттордун жасалуу мөөнөтү эмес алардын саны жөнүндө сөз болгондугун билдирди.

«Биз тараптан чет элдик паспортторду персоналдаштыруу милдеттенмебиз төрт айдан кем эмес мөөнөттө аткарылат деп ойлойм. Андан кийин гана документтерди даярдоо мамлекеттик компанияга өтөт», — деди Жумадылов.

Бул 2012-жылдын күз айларында кыргыз ММКларында жазылган маалыматтарга карама-каршы келет. Анда алар мамлекеттик «Инфоком» ишканасы паспортторду 2013-жылдын мартынан баштап иштеп чыгарат деп билдиришкен.

«Инфокомдун» пиар-менеджери Анара Мамытова Жумадыловдун айткандарын ырастады.

Сапатсыз паспорттор

Жумадылов учурда мамлекет паспортторду персоналдаштыруу менен алектенүүгө даяр эмес деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик «Инфоком» ишканасы бир калыпта персоналдаштырып, биздин компаниянын ордун толук кандуу баса алаарына шегим бар», — деп билдирди ал.

«Инфоком» ID-карттарды даярдоо менен 2012-жылдын октябрынан бери алектенип келет. Жумадыловдун айтымында, кыргызстандыктар анын сапатынын начардыгына нааразы болуп, даттанып жатышат.

«Инфокомдун» директору Кирилл Исмаилов Жумадыловдун айткандарын четке какты.

«Мамлекеттик «Инфоком» ишканасы жарандардан эч кандай даттануу ала элек», — деди ал.

Буга чейин депутат Жылдызкан Жолдошева «Интел Линксте» коррупция болушу мүмкүн деп шек санап, парламенттин 2012-жылдын февралындагы жыйынында ишканада коррупциялык схемалардын бар-жоктугун текшерүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Монополияга каршы күрөшүү комитетине тапшырган.

«Интел Линкс» паспортторду даярдоо менен 2004-жылдан бери алектенип келген. Андан бери ишкана 3 млн. ашык ID-карт жана эки млн. ашык чет элдик паспорт даярдоого жетишкен.

Автор: Эльдос Казыбеков