«Пирамида» телеканалын Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү маалымат — «ушак»

Piramida

1-мартта «К-ньюс» маалымат агенттиги өкмөт телеканалды борбордун мэриясынын пайдалануусуна өткөрүп берүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу жазган. «Пирамида» медиа-холдингинин директору менен өкмөттүн басма сөз катчысы бул маалыматты четке кагып жатышат.

Телеканалды мэриянын карамагына өткөрүп берүү тууралуу расмий маалымат жок, деп билдирди Kloop.kgге берген маегинде «Пирамида» медиа-холдингинин директору Марианна Логачева.

Ал «К-ньюс» маалымат агенттигин «ушакчы» деп атады.

«Алар [“К-ньюс” маалымат агенттиги] ушак менен алектенип жатышат деп да жазып койсоңор болот», — деп билдирди Логачева.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз катчысы Нурзада Токтогулова да «К-ньюстун» макаласындагы маалыматты четке кагып, телеканалды мэриянын карамагына өткөрүү жөнүндө жарлык болбогондугун айтты.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева аларга телеканалдын борбордук муниципалитеттин карамагына өтөөрүү тууралуу маалымат келип түшпөгөндүгүн билдирди.

1-мартта «К-ньюс» каналдын мэрияга бериле тургандыгы жөнүндө жеке булактарынан уккандыгы тууралуу макала басып чыккан.

«Бишкектин “Пирамида” телеканалы борбордун муниципалитетине, тагыраагы мэр Иса Өмүркуловдун карамагына өткөрүлүп берилет», — деп жазылган макалада.

«К-ньюс» агенттигинин редактору Дарья Мамонтова маалымат алган булагын ачыкка чыгаруудан баш тартты.

Мамонтова ал маалымат учурда редакция тарабынан кайрадан текшерилип жаткандыгын кошумчалады.

Мамлекет «Пирамида» телеканалын 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин улутташтырган. Бийликтегилердин версиясы боюнча, ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү болгон.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев