Милиция «Трибуна» гезитинин редакциясындагы «кара куту» тууралуу кабарлаган анонимдүү телефон чалуудан кийин басылманын имаратында тинтүү жүргүздү. Тинтүүнүн жүрүшүндө ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан үч граната табылган. Редакция муну тымызын уюштурулган деп эсептеп жатат.
Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө анонимдүү телефон чалуу 4-март күнү эртең менен келип түшкөн — бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Белгисиз адам «Трибуна» гезитинин бөлмөсүндөгү «кара куту» жөнүндө кабарлаган.
Милиция Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге басылманын имаратына барып, ал жерден үч граната табышкан.
«Трибунанын» башкы редактору Ырыскелди Өмүрзаков Kloop.kgге берген маегинде анда табылган гранаталар ага да, анын кызматкерлерине да таандык эмес экендигин билдирди. Ал гранаталар кандайча басылманын бөлмөсүндө болуп калгандыгын билбейт.
Өмүрзаков аны 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышууну уюштурган деп Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн ачык айыптап, ал тууралуу китеп жазып чыккандыгы үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейт.
Басылманын редактору милиция кызматкерлеринен турган биринчи топ келип эч нерсе таппагандыгын кошумчалады. Айтымында, гранаталар андан кийин, ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери келгенде табылгандыгын кошумчалады.
«Анан ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери келишти. Аларга да бомба үчүнчү кабаттын 20-бөлмөсүндө жайгашкандыгы тууралуу анонимдүү телефон чалуу болуптур. Алар тинтип, үч граната табышты», — деди Өмүрзаков.
Азырынча кылмыш иши козголо элек. ИИМ учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирүүдө.
Авторлор: Нурмухаммед Атамбаев жана Тилек Бейшеналиев