УКМК: Кыргызстандын ӨКМинин аскер бөлүгүндө жарандыгы жок адам кызмат өтөп жүргөн

өкмөт үйү

2012-жылдын декабрында Жалал-Абаддын мурунку аскер комиссары Кумарбек Абдраимахунов Өзбекстанда туулган, кыргыз жарандыгы жок адамдын армияга алынышына жардам берген, деп билдирди УКМК. Абдраимкуловго каршы кылмыш иши козголду.

20 жаштагы Сардорбек Темиров «мыйзамсыз түрдө» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүнө чакырылган — бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пресс-релизинде айтылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Темиров Өзбекстанда туулганы менен «жарадыгы жок адам» болгон.

Атайын кызматтагылар 2012-жылдын декабрында Темировдун аскер бөлүгүнө чакырылышына Жалал-Абад шаарынын бириккен аскер комиссариатынын мурунку башчысы, полковник Курманбек Абдраимахунов жардам бергендигин аныкташкан.

УКМК Абдраимахуновго карата 26-февралда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «кызматтык документ жасоо» кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Kloop.kg аскер комиссариаты, ошондой эле Абдраимахунов жана Темиров менен байланыша алган жок.

ӨКМдин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов Kloop.kgнин журналисттерине буга чейин мекеменин аскерлигинде мындай учурлар катталбагандыгын билдирди.

Коргоо министрлигинин өкүлү бул окуянын аларга эч кандай тиешеси жок экендигин айтты.

ӨКМдин аскер бөлүгү — биринчи кезекте табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жардам берүү менен алектенет.

Автор: Зарема Султанбекова