Хроника: «Ата-Журттун» тарапташтарынын Ош жана Каракол шаарларындагы митинги [+ фото] [14:51де жаңыланды]

2013-03-05_rusdram1

Ош жана Каракол шаарларында чогултулган митинг катышуучулары «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылган» деген айып менен кармалган оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин бошотууну талап кылып жатышат.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат. Учурда алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта, алардын үстүнөн сот процесси уланууда.

Караколдогу митингте негизинен Ысык-Көлдүк Садыр Жапаровду колдогон адамдар чогулган.

Окуянын хроникасы:

14:51 Каракол: Ысык-Көл обладминистрациясынын кабылдамасынан митинг аяктап, чогулган эл тарап кеткендигин билдиришти

14:43 Караколдогу митингтен сүрөт:

2013-03-05_rusdram1

2013-03-05_rusdram1

14:07 Каракол: Акция катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууну талап кылып, обладминистрациянын имаратынын жанына чогулушту. Митингтин күбөсү элди 50дөй укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп тургандыгын билдирди.

13:43 Каракол: Митинг катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратына жөнөштү. Акциянын катышуучуларынын биринин айтымында, чогулган элдин саны 1 миңге жетет.

Митинг катышуучусу акциянын жүрүшүндө «Ата-Журттун» камакка алынган депутаты Садыр Жапаровдун бир тууганы - Сабыр сөз сүйлөгөндүгүн кошумчалады.

Митингтин башка күбөсүнүн айткандары боюнча, чогулган элдин саны 500дөн ашык эмес. Нааразычылык акциясынын катышуучулары «Кумтөр» алтын кенин улутташтырып, Жапаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотууну талап кылып жатышат.

13:16 Ош: Шаардын борбордук аянтындагы митинг аяктады, катышуучулар таркап жатышат. Аянтта болжол меген 20-30дай киши калды.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары эгер алардын талаптары 8-мартка чейин канааттандырылбаса «Ата-Журттун» лидерлерин бошотуу талаптары менен Ошто митинг өткөрүшөөрүн билдиришти. Айтымдарында, эгер Ош шаарындагы митинг жыйынтык бербесе алар Бишкекте митинг өткөрүшөт.

12:50 Ош: Митинг катышуучуларына өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков чыкты. Чогулган эл ага талаптары жазылган кат беришти:

  1. «Ата-Журттун» камалган үч депутатын бошотуу;
  2. «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу.

Жээнбеков бүгүн эл үчүн анын иш бөлмөсү ачык экендигин, жана алардын суроолоруна жооп берээрин айтты. Kloop.kgнин кбаарчысынын баамында, митингтин катышуучуларынын саны 200гө жетти

12:34 Ош: Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башкы адиси Гүлжан Ажиматова Kloop.kgге берген маегинде кечээки маалымат жыйынында митингтин катышуучулары талаптарынын бири Оштун мэри Мелис Мырзакматовду ордунда калтыруу болоорун билдиргендиктерин айтты. Ал митингтин өтө тургандыгы тууралуу мэрия жазуу түрүндөгү билдирүү албагандыгын кошумчалады.

«Алар митинг өткөрө тургандыктары жөнүндө бүгүн да, кечээ да кат жөнөтүшкөн эмес», — деп билдирди Ажиматова.

Ош мэриясынын өкүлү жергиликтүү бийлик митингти колдобостугун, ошол эле маалда анын өтүүүнө тоскоолдук кылбай тургандыгын айтты. Анын айтымында, митинг «тынч» өтүп жатат.

12:34 Ош: Митингтен сүрөт: Автору Kloop.kgнин кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу:

өкмөт үйү

өкмөт үйү

өкмөт үйү

өкмөт үйү

өкмөт үйү

өкмөт үйү

өкмөт үйү

12:07 «Ата-Журттун» депутаттарын колдоо митинги башталды. Акция катышуучулары эгер алардын партия лидерлерин бошотуу жөнүндөгү талаптары аткарылбаса Бишкекке чейин бара тургандыктарын микрофонсуз кыйкырып жатышат.

11:49 Митингтин катышуучулары «Ата-Журттун» камактагы депутаттарын колдогон «Базарга айланган парламент тарасын», «Соттор, бийликтин көзүн карабай өз алдынча чечим чыгаргыла», «Элдин уулдарына эркиндик», «Элдин үнүн укпаган бийликтин келечеги жок» деп жазылган плакататтарды алып келишти.

11:32 Бул маалда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Ата-Журттун» лидерлеринин бири болгон Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Түрдүү маалыматтар боюнча, камактагы депутатты колдоо митингинде 30дан 200гө чейинки сандагы адам катышып жатат.

11:23 Учурдагы Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматовдун партиясынан шаардык кеңештин депутаты Шайлообек Атазов митингтин катышуучуларына кошулбай тургандыктарын айтты. Ал учурда Оштун миңдей тургуну катышып жаткан Ак калпак күнүн майрамдоо иш-чарасына катышып жатат.

11:16 «Ата-Журттун» тарапташтары колонкалар менен микрофондорду орнотуп башташты.

11:07 Нааразычылык акциясынын катышуучулары аянттын борбордук бөлүгүнө, Лениндин эстелигинин жанына чогула баштады.

11:03 Аянтка Өзгөн районунан 10го жакын Баатыр эне келди. Алар да митингтин башка катышуучулары сыяктуу эле «Ата-Журттун» лидерлерин бошотууну талап кылып жатышат.

10:59 Аты-жөнүн айтпаган митинг катышуучусу эгер аянтка көп киши чогулса митинг болоорун, чогулбай калса таркап кетишээри да мүмкүндүгүн билдирди.

Kloop.kgнин кабарчысынын баамында аянттка болжол менен 100дөй киши чогулган. Одновременно с акцией сторонников «Ата-Журттун» тарапташтарынын акциясы менен бирге 500дөй киши катышкан Ак калпак күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтүп жатат.

10:55 «Ата-Журттун» Ош облусу боюнча штабынын төрайымы Дарья Шабданов Kloop.kgге берген маегинде партиянын тарапташтары «Ата-Журттун» камактагы үч лидерин колдоп, аларды бошотууну талап кылып чогулгандыктарын билдирди.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул талаптары менен бийликтин бардык бутактарына кайрылууну көздөп жатышат. Эгер алар 3-4 күндүн аралыгында канааттандыраарлык жооп болбосо нааразы болгондор Бишкекке чейин барышат, деп билдирди партиянын Ош облусу боюнча штабынын төрайымы.

10:44 Оппозициялык партиянын тарапташтырынын жанында 20дай милиция кызматкери жүрөт, алар аянтты эки тарабынан тосуп коюшту.

10:41 Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы «Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги азырынча баштала электигин билдирди — шаардын борбордук аянтына азыр 30-40тай киши чогулду.