Мэрия Орус драмалык театрдын кыргыз тилинде жазылбаган көрнөк жазууларын алып салды

2013-03-05_rusdram1

Орус драмалык театрынын көрнөк жазууларында кыргыз тилиндеги тексттер болбогондуктан алар алынды. Театрдын директору Борис Воробьев муну «улутчулдукту» көрсөтүү деп баалап, аны кызматынан алып салышат деп ойлоп жатат.

Бишкек мэриясынын жарнак департаментинин адиси Алишер Хажиевдин айтымында, мэрия тараптан театрда боло турган иш-чаралар менен спектаклдерди жарнамалаган көрнөк жазууларды оңдоо боюнча бир нече жолу эскертүү берилген.

«Ал жарнактарда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам бузулган, а жарнактын ээси биздин билдирүүлөр боюнча эч кандай аракет көргөн эмес. Учурда алар алынып жатат», — деди Хажиев.

Хажиев көрнөк жазууларды алууда эч кандай саясий сыр жок эсептейт. Ал мэрия талапка жооп бербеген бардык көрнөк-жарнактарды алаарын билдирди.

«Биз бардыгын алып жатабыз. Өтө көп жарнак алдык», — деди мэриянын өкүлү.

Kloop.kgнин кабарчысы театрдын маңдайында кыргыз тилинде тексти жок «Арома-пицца» ресторанына көңүл бурулбай жаткандыгы жөнүндө суроо бергенде Хажиев: «Кийинки кезекте Арома болот» деп жооп берди.

Театрдын директору Борис Воробьев мэриянын бул аракетин «мародерчулук» жана «улутчулдукту» көрсөтүү деп атады.

«Биз кыргыз тилинде такыр иштебейбиз, бизде котормочулар да жок. Орус тилинде сүйлөй албаган адамдарга кайрылбайбыз, орус тилин билген адамдар менен гана иштейбиз. Биз орус маданиятын өнүктүрүү үчүн ачылганбыз», — деди Воробьев Kloop.kgге берген маегинде.

2013-03-05_rusdram1
Орус драмалык театры көрнөк жазуулары жок калды

Мэриянын адистери Воробьёвго 1-мартта да келишкен, бирок анда театр директору спектаклдеринин көрнөк жазууларын алууга жол бербей койгон.

Воробьёв аны кызматтан алууну көздөп жатышат деп божомолдоодо. Февралдын башында театр менен Маданият министрлигинин ортосунда чыр болгон — анда театр директору аны кызматында калтыруу үчүн бийликтегилер пара талап кылып жаткандыктарын айткан.

«Мени директорлуктан кетиргенден кийин көрөсүңөр — спектаклдердин бардыгын алып салышат, Орус драмалык театры спектакли жок калат, үнү жок, жарыгы жок жөн гана кооз имарат калат», — дейт Воробьев.

Өз кезегинде Маданият министрлиги Воробьёвду Орус драмалык театрынын имаратын маданият тармагына тиешеси жок башка жайларга ижара берген деп айыптаган.

Автор: Зарема Султанбекова