Жалал-Абад: Судьяны сабагандар шарттуу түрдө бир жылга соттолушту

өкмөт үйү

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту эки адамды 2012-жылдын сентябрында судьяны сабаган деп таап, аларды шарттуу түрдө эки жылга эрктеринен ажыратуу чечимин чыгарды. Расмий версияга ылайык, алар судьяга «жеңил» чечим чыгарып койгондугу үчүн иш ордунда кол салышкан.

Шайырбүбү Карабаева менен Талантбек Узаковдор «бийликтин өкүлүнө карата күч колдонууга» күнөлүү деп табылышып, шарттуу турдө бир жылга эрктеринен ажыратылышты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, алар Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы Абибилла Жарымбетов менен райондун прокурорунун орун басарын 2012-жылдын 25-сентябрында сабашкан.

Алгачкы маалыматтар боюнча, алар судьяны иш ордунан сүйрөп чыгарып, райондук милиция бөлүмүнө жол бою сабап алып барган 200 адамдан турган топтун ичинде болушкан.

Алар Жарымбетовдун эки жергиликтүү жашоочуга карата ээнбаштык үчүн деп үй камагына камоо чечимин «жумшак» өкүм болуп калды деп эсептешкен.

«Алар сот имаратынын жанында жарым сааттай талашып-тартышышты. Андан кийин агрессивдүү топ аны жол бою сабап РИИБге алып келишти», — деген анда аты-жөнүн айткысы келбеген Ала-Бука РИИБсинин кызматкери.

Бүгүн башкы прокуратура кол салгандардын саны 200дөй болгондугун ырастап бере албайт.

Жарымбетов “баш сөөгү чайкалган” деген диагноз менен райондук ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин ал судья катары башка районго которулган.

Автор: Зарема Султанбекова