Шаардык кеңештин депутаттарынын нааразычылыгынан кийин Каракол шаарынын мэри кызматынан кетти

Piramida

Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын берди. Ал муну «башка кызматка өткөндүгү» менен түшүндүрүүдө. Шаардык кеңештин депутаттары болсо мэр шаардагы жерлерди сатуунун айланасындагы маселе боюнча алар менен пикири келишпей калгандан кийин кеткендигин айтып жатышат.

Өмүрканов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин атына өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазды — бул тууралуу 6-март күнү эртең менен белгилүү болду.

Ал Kloop.kgге берген маегинде бул кадамын «башка кызматка өтө тургандыгы» менен түшүндүрдү.

Мэр өзүнүн жаңы кызмат орду тууралуу айткан жок.

Анын кызматтан кетүү жөнүндөгү арызы азырынча кабыл алына элек. Өмүркановдун айтымында, ал Ысык-Көл облусунун борборунун мэри кызматынан бошотуу тууралуу премьер-министрден 13-марттан бери суранып келген.

Жер сатуу

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган Каракол шаардык кеңешинин бир нече депутаты Өмүркановдун кызматтан кетиши мэрдин алар менен болгон чыр-чатагына байланыштуу экендигин билдиришти.

Депутат Максат Касенов Өмүркановду мэр болуп турганда шаардагы «жерлердин мыйзамсыз сатылышына» көмөктөшкөн деп айыптады.

«Болжол менен 300дөй жер тилкеси шаардык кеңешке айтылбастан эле берилди. Ал каалаганын кылып,  бардык жерлерди кедей адамдарга эмес, оокаты жетиштүү адамдарга таратып берди», — деди Касенов.

Дагы бир нече депутат мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүшү мүмкүндүгү жөнүндө «четин чыгарып» айткандыктарын билдиришти, бирок иш добуш берүүгө жеткен жок.

«Биз ага убакыт берип: өзүңүз чечиңиз дегенбиз. Анан өзү арыз жазды», — деди «Мекен Ынтымагы» партиясынан депутат Өмүрбек Асанбеков.

2012-жылдын апрелинен бери мэр болуп келген Өмүрканов жер сатуу тууралуу дарегине айтылган айыптоолор боюнча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Ал «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү, ал эми шаардык кеңештин төрайымы «Республика» партиясынын өкүлү Акылсайра Жумабекова.

Бул партиялар 2012-жылдын жай айларындагы республикалык масштабдагы каршылашуулары менен белгилүү — анда «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары тарабынан айыпталгандан кийин кызматынан кетирилген.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Редакторлор: Шахида Дүйшеева жана Бектур Искендер

Сүрөттө Караколдун мэриясы, автору: Сергей Высоцкий