Экс-министр Сабировго карата беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды

2013-03-05_rusdram1

Бишкек шаардык соту мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду бала асырап алуу боюнча лицензия берүүдө «пара талап кылгандыгы» үчүн беш жылга эркинен ашыратуу өкүмүн чыгарды. Жактоочу тарап бул өкүмдү «мыйзамсыз» деп эсептеп, ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылат.

Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге мурунку Социалдык өнүктүрүү министри пара алгандыгы үчүн жардамчысы Тахир Мирзаметовдун көрсөтмөсүнүн негизинде соттолгондугун билдирди.

«Сабировго карата айыптоо өкүмүн башка эч ким тарабынан ырасталбаган Мирзаметовдун көрсөтмөсүнүн негизинде гана чыгарып коюшту. Беш же алты жыл. Мен бул өкүмгө аябай таң калдым. Анын негизсиз жана мыйзамсыз болгондугуна таң калганымдан ал канча жылга соттолгондугун так эстеп кала алган жокмун», — деди Айткулов.

Сабировдун беш жылга эркинен ажыратылгандыгы тууралуу өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына 24.kg.басылмасынын журналисти Асылкан Шайназарова жазган. Алгач ал Мирзаметовдун жубайына шилтеме жасаган, бирок кийинчерээк маалымат булагына болгон шилтемени өчүрүп салган.

Сабировду Кыргызстандан бала асырап алууга уруксат бере турган лицензия үчүн италиялык компаниядан «пара талап кылууга» күнөлүү деп табышты.

Жактоочу соттун бул өкүмү боюнча жогорку инстанциядагы сотко даттанат.

«Албетте мен бул өкүм боюнча даттанам, сөзсүз даттанам», — деди ал.

Сот комментарий бербей эле

Kloop.kgнин кабарчысы өкүмдү тактоо үчүн соттун канцеляриясына кайрылганда алар бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Буга чейин, ноябрдын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту Сабировду актап, анын мурунку жардамчысы Мирзаметовду алты жылга эркинен ажыраткан.

Анда мамлекеттик айыптоочу экс-министрди 15 жылга, анын жардамчысы Тахир Мирзаметовду — 14 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

3-октябрда өткөн соттун отурумунда экс-министр Сабировдун айыпталып жаткан мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөртүп, жетекчисинин эч кандай күнөөсү жоктугун айткан.

Бирок азыр ал мурунку көрсөтмөсүнө кайтып, экс-жетекчисинин күнөөсү бар экендигин билдирип жатат.

Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда ал параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан.

Атайын кызматтагылар Сабировду 5-июлда кармашкан. Чиновник дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жаткан.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Эч кимден пара талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйындарынын биринен кийин.

Автор: Зарема Султанбекова