Хроника: «Ата-Журттун» тарапташтарынын Жалал-Абаддагы митинги уланууда [15:29да жаңыланды]

2013-03-05_rusdram1

«Ата-Журттун» камактагы үч депутатын бошотууну талап кылган митинг Жалал-Абадда уланып жатат. Учурда митинг обладминистрация имаратынын алдында өтүп жатат.

15:29 «Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги аяктады — акция катышуучулары отургучтарды боз үйгө киргизип жатышат. Баатыр энелер болсо өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүлүгүнүн имаратынан чыга элек

14:21 Митингдин катышуучуларынын аянттагы түштөнүүсү:

2013-03-05_rusdram1

2013-03-05_rusdram1

14:17 Митингтин катышуучулары микрофон менен сүйлөөнү токтотушту. Kloop.kgнин кабарчысынын айтымында, акциянын катышуучулары кыргыз тилиндеги ырлар менен «Ата-Журт» партиясынын гимнин угуп жатышат.

«Абал тынч. Бул жерде балдар да жүрүшөт. Митингтин катышуучулары эч нерсе кылышпай эле, кээ бири түштөнүп, бири-бири менен сүйлөшүп жатышат. Милиционерлер ары-бери басып, абалга көз салып жатышат», — деп билдирди журналист.

13:53 Аба ырайынын бузулгандыгына карабастан «Ата-Журттун» тарапташтарынын митинги уланып жатат. Акциянын катышуучулары аянтка стол коюп, палоо жегени жатышат.

13:34 Жалал-Абадда аба ырайы бузулуп жатат. Майда жамгыр башталды. Обладминистрациянын имаратынын алдындагы аянтта 300дөй киши калды.

13:14 Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынан тартылаган сүрөт, Kloop.kgнин кабарчысы Евгений Погребняк жөнөттү. Сүрөттө үч күндөн бери «Ата-Журттун» камалган депутаттарын бошотууну талап кылып обладминистрация имаратнын алдында жүргөн Баатыр энелер:

2013-03-05_rusdram1

2013-03-05_rusdram1

2013-03-05_rusdram1

13:03 Митингдин катышуучуларынын бири Мария Мурзаева обладминистрациянын имаратынын алдында үч күндөн бери жүргөндүгүн айтты. Ал башкалардай эле «Ата-Журттун» камактагы депутаттарын чыгармайынча ал жерде болууну көздөп жатат.

Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, аялдар ачкачылык жарыялашкан эмес — чай ичип отурушат.

«Кээ бир аялдар обладминистрациянын короосунда эркин жүрүшөт басып жүрүшөт. Милиция аларга тийбей эле», — деп билдирди кабарчы окуя болуп жаткан жерден.

12:39 Стамбеков имаратты басып алуу коркунучу жок экендигин билдирди. Басма сөз катчы «сыр маалымат» деп өкүлчүлүктүн имараты кандай кайтарылаарын айтуудан баш тартты.

«Азыр милиция көп эмес, бирок коопсуздукту сактоого жетиштүү», — деди ал.

12:27 Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков митингдин катышууучулары төрт талап койгондуктарын билдирди:

  1. «Ата-Журттун» камактагы үч лидерин бошотуу;
  2. «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу;
  3. Парламентти таркатуу;
  4. Башкы прокурор Аида Салянованы кызматынан кетирүү.

Анын санашынча, аянтка 50дөн ашык киши чогулган.

12:18 Митингдин катышуучулары «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жөнүндөгү лозунгдарды кыйкырып жатышат.

12:11 Комментарий алуу үчүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жеткиликсиз болууда.

12:04 Эл алдында комуз менен ырдап жаткан аксакал президент Алмазбек Атамбаева «элге көңүл буруп», «Ата-Журттун» депутаттарын тергөө абагынан чыгарышын талап кылды.

11:57 Митингди уюштуруучулардын бири Азимжан Жумашев митинг «жакшы» өтүп жатат деп эсептейт. Айтымында, обладминистрациянын имаратынын жанына нааразы болгон «үч миңдей» киши чогулган. Бирок Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, аянттагы адамдардын саны 200дөн ашпайт.

Жумашевдин айтымында, негизги талап мурунку эле — «Ата-Журттун» лидерлерин УКМКнын тергөө абагынан бошотуу.

«Биздин митинг мөөнөтсүз, бошотконго чейин митингге чыга беребиз», — деди митингдин уюштуруучусу.

Ал акциянын катышуучулары 10-мартта Бишкекке барып митинг өткөргөнү жаткандыктарын кошумчалады.

11:42 Kloop.kgнин кабарчысынын баамында, митингде коопсуздукту 15тей милиция кызматкери карап жатат.

11:39 Жалал-Абаддын борбордук аянтында 100гө жакын адам митинг өткөрүп жатышат.

Кечээ тигилген эки боз үй өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратынын жанында дагы деле турат.

Митингдин катышуучулары «Ата-Журттун» камактагы депутаттарын бошотуу талабы аткарылбаса нааразычылык акциялары улана бере тургандыктарын кечээ эле билдиришкен.

Парламентарийлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын 3-октябрындагы «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингде «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат. Учурда алардын үстүнөн сот процесси уланууда.

Митингтин катышуучулары талаптары аткарылганга чейин аянтта болуп, акцияларын уланта беришет. Ыңгайлуулук үчүн анын катышуучулары ал жерге отургучтарды орнотуп алышкан.

Автор: Евгений Погребняк