Дүйнөлүк 13 фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү кыргыз дары таркатуучуларын дары өндүрүүчү «Ротафарм» компаниясы менен кызматташууну токтотууга чакырды.
Фармацевтика өкүлдөрү бул сунушун «Ротафарм» компаниясынын көптөгөн шектүү аракеттерин аныктап чыккан британдык «Гардиан» гезитине басылып чыккан изилдөөдөн кийин жолдошту.
Фармацевтикалык рыноктун ири катышуучусу болуп саналган «Пфайзера», «Хоффман-Ля Рош» жана «Глаксо Смит Кляйн» сыяктуу 13 компаниянын өкүлдөрү 6-мартта Бишкекте чогулуп, жергиликтүү дистрибьюторлорду өзүн британдык деп атаган компаниянын дарыларын алып таркатпоого чакырды.
«Ротафармга» коюлган дооматтардын арасында алардын аппараттар менен канын тазалатууга муктаж болгон бейтаптарга арналган «Репретин» дарысынын сапатынын начардыгы да бар.
«Гардиан» басылмасынын изилдөөсү «Репретин» дарысын колдонууга өткөн бейтаптар өздөрүн начар сезип, анын кошумча эффектилеринен жабыркап баштагандыктарын аныктаган.
«Гардиандын» кыргыз тилине которулган изилдөөсүн толук окуу
Андан сырткары «Ротафарм» өзү билдиргендей британдык компания эмес, жөн гана Британиянын Виргинск аралындагы оффшордук аймакта каттоодон өткөн компания экендиги аныкталган. Ошондой эле анын белорус ишкери Равшан Тагиевге таандык экендиги да белгилүү болгон.
Египеттен келген дарылар
13 фармацевтикалык компаниянын биргелешкен сунушу жөнүндөгү маалыматты Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 7-мартта билдирди.
«["Ротафарм"] өз дарыларын ар кайсы өлкөлөрдөн, мисалы Египеттен заказ аркылуу алат да аларды Улуу Британиянын маркасы менен сатат. Ошондой эле дарыканалардагы дарынын чекене баасы башка ошондой эле дарылардын баасынан бир нече эсе кымбат турат», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Kloop.kgнин кабарчылары аталган 13 фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен да, «Ротафарм» менен да байланыша алган жок — кабарчылар байланышууга аракет кылган өкүлчүлүктөрдүн бардыгы тең 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө байланыштуу жабык болуп чыкты.
«Ротафармдын» дарыларынын айланасындагы талаш-тартыш 2013-жылдын февралында башталган. Кыргызстандын нефролог-дарыгерлери компаниянын «Репретин» дарысын «зыяндуу» деп табышкан, ошондой эле аларга «Ротафарм» жөнүндөгү негативдүү маалымат билдиргендиктери үчүн компания тараптан коркутуулар болуп жаткандыгын айтып, даттанышкан.
«Ротафарм» анда жооп катары компаниянын дарыларын изилдеген дарыгерлерди алардын атаандаштары «сатып алгандыгын» билдирген.
«Кызыкдар адамдар «Репретинди» рыноктон сүрүп чыгарууга аракет кылып жатышат», — деген февралда компания өкүлү Ильхам Гусейнов.
Бирок бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тескерисинче, изилдөө жүргүзгөн дарыгерлерди «Ротафарм» сатып алгандыгын билдирди.
«["Ротафарм"] адепсиз маркетингди пайдалануу менен саламаттыкты сактоо тармагынын бардык деңгээлинде коррупциялык схемаларды колдонуп, ар бир дайындалган таңгак дары үчүн дарыгерлерге акча жана белек берет», — деп билдирген Саламаттык сактоо министрлиги.
Автор: Нуржамал Жаныбекова