УКМК «мыйзамсыз чек арадан өткөн» өзбекстандык имамды Ошко алып кетти

2013-03-05_rusdram1

Атайын кызматтагылар он жыл мурун чек арадан «мыйзамсыз» өткөн деп шектелип жаткан өзбекстандык имамды Бишкектен Ошко алып кетишти. Хабибулла Сулайманов өзбек бийлигинин куугунтуктоолорунан качып, Кыргызстанга көчүп келген.

Имам Хабибулла Сулаймановго каршы кылмыш иши анын 1-мартта саясий качкын статусун алгандыгына карабастан козголгон.

Сулайманов 2012-жылдын октябрынан бери камакта — алгач аны Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси каралган, эми ага каршы кылмыш иши козголуп Бишкектен Ошко алып кетишти, деп жазылган «Эркиндик үнү» укук коргоо уюмунун сайтында.

Сулаймановдун жактоочусу Токтогул Абдиевдин укук коргоочуларга билдиргени боюнча, имам «чек арадан мыйзамсыз өткөн» жана «жасалма документ пайдаланган» деп шектелип жатат.

Абдиев ал жактоого алган имам жасалма документтерди пайдалангандыгын ырастап жатат.

«Бирок ал зарыл болчу – ал өз жанын сактап калууга аракет кылган», — деп белгилеген жактоочу «Эркиндик үнү» уюмуна берген маегинде.

УКМКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgге Сулаймановдун иши «сотто болгондуктан» ал боюнча комментарий бере албай тургандыктарын айтышты.

Хабибулла Сулайманов Өзбекстан аны өткөрүп берүү жөнүндөгү расмий сурам жөнөткөндөн кийин - Бишкекте 2012-жылдын 6-октябрында камакка алынган.

1-мартта Бишкек шаардык соту Сулаймановду өткөрүп бербөө чечимин чыгарган, бирок эки күндөн кийин имамга каршы кылмыш иши козголгон.

Имам Өзбекстандын Янгиюль шаарындагы «Октябрь» мечитинде иштечү, бийлик тараптан кысым көрсөтүлүп, куугунтукталып баштаганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Өзбек бийлиги Сулаймановду «диний-экстремисттик жана сепаратисттик уюмдарга байланышы бар» деп айыптап жатат. Бирок имам өзүн президент Ислам Каримовдун куугунтуктоосунун курмандыгы деп эсептеп жатат.

Буга чейин Кыргызстан Сулаймановду кармагандыгы үчүн Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» (HRW) укук коргоо уюму тарабынан бир нече жолу сынга алынган.

«Кандай гана шартта болбосун ачыктан ачык кыйноолор күтүп жаткан жерге адамды өткөрүп бербеш керек», — деп билдирген Мира Ритманн, исследователь HRW уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритманн февраль айында.

Автор: Зарема Султанбекова