Бишкектин мэри Иса Өмүркулов үч айдын ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчет берип, аларды жакшыртуу боюнча сунуш киргизиши керек — мындай талаптарды 11-мартта, Бишкек мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралган жыйында шаардык кеңештин депутаттары коюшту.
11-мартта шаардык кеңештин депутаттары токтом кабыл алышты, ага ылайык, мэриянын бир катар чиновниктери кызматтарынан кетет:
- вице-мэр Вячеслав Красиенко;
- муниципалдык «Тазалык» ишканасынын башчысы Марат Кутанов;
- муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Бакыт Кудайбергенов;
- атаандаштык саясат боюнча башкармалыктын башчысы Александр Багута;
- капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рахатбек Сүйүнкулов.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Өмүркуловго эл өкүлдөрүнүн алдында аткарган иштери боюнча отчет берип, шаардагы абалды өзгөртүү боюнча сунуш берүүсү үчүн үч ай мөөнөт беришти.
Андай болбосо шаардык кеңештин депутаттары шаар башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт.
Ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин шаардык кеңештеги 45 орундун 11ин ээлеп турган «Республика» фракциясы көтөрүп чыккан.
Анын депутаттары Өмүркуловдун Бишкекти башкарып туруусу шаардын жашоо жөндөмдүүлүгүн «катастрофалык» абалга алып келди деп эсептеп жатышат.
«Социал-демократтардын өкүлү болгон мэр Бишкектеги орто мектептердин мугалимдери айлык маяналарын өз учурунда албай калууда, ошондой эле өзүнүн «элементардык милдеттерин» аткара албай жатат деп айыпталууда» — деп билдирди шаардык кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери, депутат Мирлан Жээнчороев.
Өмүркулов болсо жооп катары «Республиканын» демилгесин — саясий иш деп атады.
Сессияда мэр жалпысынан шаардагы абал туруктуу экенин, бирок муниципалитеттин жумушчулары «тартипке келтирүүгө» аракет кылып жаткандыгын айтты.
«Баарыңар эле жакшы түшүнүп жатасыңар, шаарда өлкөнүн калкынын үчтөн бир бөлүгү жайгашкан, инфраструктуранын бардык тармагында жүктөлүштөр бар», — деди Өмуркулов өзүн актап.
Ал келечекте шаардык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган эскертүүлөрдү эске ала тургандыгын кошумчалады.
Автор: Шахида Дүйшеева