Байыркы жетиген аспабы сырткы тарабында кылдары бар, сүйрүсүнөн келген жыгачтан жасалган тик бурчту элестетет. Илгерки заманда анда Борбордук Азия аймагында отурукташкан калк ойноп келген, бирок акырындап барып аспап өз популярдуулугун жоготкон.
Жетигендин бетачары 6-мартта, Бишкектин музыкалык мектептеринин биринде өттү. Музыкалык аспапты Кыргызстанга музыкант жана «Достук» фольклордук ансамблинин жетекчиси Жусуп Айсаев алып келген.
Жетиген — аспапты кошумча тирөөч катары колдонула турган тизе менен столго коюп, отуруп алып бир убакта эки кол менен чертилет.
Жетигендин кылдарынын саны 7, 9, 12 же 15 болуп, салмагы 4 килограммдан 5 килограммга чейин жетет, а узундугу 1,5 метрден ашык болушу мүмкүн.
Түзүлүшү боюнча ал байыркы орустардын музыкалык аспабы —гуслини элестетет.
Жетигендин бетачарына катышкан музыка изилдөөчү жана талдоочу Балбай Алагушев бул аспапты байыркы заманда кыргыздар чертип келишкендигин айтты.
Музыкант Жусуп Айсаев жетигендин аталган нускасын өткөн жылы күзүндө, Орусия Федерациясынын курамына кирген Хакасия республикасынан алып келген. Республикада жашаган хакастар кыргыздарга эң жакын калк болуп эсептелинет.
Аталган аспап Кыргызстандан айырмаланып Хакасияда өз популярдуулугун жогото элек. Хакас тилинде ал «чатхан» деп аталат.
Айсаев келечекте кыргыз балдарын жетигенде ойноого үйрөтүүнү пландап жатат. Өзү болсо ал аспапты Хакасияга барган кезинде өздөштүрүп алган.