2010-жылдагы революция боюнча сот: Ак үйдүн чатырындагы сот жыйыны 15-мартка жылдырылды

дары_8223

Судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу парламенттин имаратынын чатырына белгиленген адаттан тыш сот жыйыны 13-марттан 15-мартка жылдырылды. Саясий серепчилер сот процессинин жылдырылышын күтүлүп жаткан Бишкектеги митингдерге байланыштырып жатышат.

Сот жыйынынын 13-марттан 15-мартка жылдырылгандыгын Kloop.kgге берген маегинде айыпталып жаткандардын жактоочусу Абдыкерим Аширов ырастады — ал судья Дамир Оңолбеков ооруп калгандыгын билдирди.

Оңолбековдун оорусу тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Аскер сотуна кайрылганыбызда ал жеткиликсиз болуп чыкты.

Революция болгон маалда өкмөт менен президент отурган парламент имаратынын чатырындагы атуулар тууралуу жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн текшерүү үчүн 2010-жылдагы революция боюнча сот жыйынын чатырдын үстүндө өткөрүү чечими кабыл алынган.

Сурамжыланган саясий серепчилер жыйындын жылдырылышы - күтүлүп жаткан митингдер менен Бишкекте жалпы республикалык курултайтын өтүшүнө байланыштуу деп эсептешет.

«Байланыштуу болушу мүмкүн, анткени оппозиция 13-14-15-марттарда, андан кийин да мөөнөтсүз митингдер болот деп айткан», — деди Kloop.kgге берген маегинде саясат тармагындагы талдоочу Марат Казакпаев.

Оппозициянын митинги

Акыркы аптадан бери оппозициялык «Ата-Журт» партиясы үзгүлтүксүз митингдерди өткөрүп жатат, алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын түштүгүндө болууда.

Алардын негизги талаптарынын бири болуп «Ата-Журттун» үч лидери - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдорду бошотуу болуп саналат. Саясатчылар өткөн жылдын октябрындагы митингден кийин кармалышкан, андан бери алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

«Ата-Журттун» тарапташтары Жалал-Абадда өткөн нааразычылык акцияларынын биринде 13чү же 14-мартта Бишкекте «миңдеген» киши катышкан митинг уюштура тургандыктарын билдиришкен, бирок белгиленген акцияга бир нече күн калганда уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырып коюшту.

Саясий серепчи Марс Сариев күтүлүп жаткан нааразычылык акциялары менен курултайлардын фонунда соттун Ак үйдүн чатырындагы жыйынын өткөрүү — «максатка ылайыксыз» деп божомолдойт.

Бирок Сариев бүгүн Бишкекте кандайдыр бир массалык чыгуулар болбойт деп эсептейт.

«Кезектеги массалык чыгууларга 2005чи жана 2010-жылдардагыдай эч кандай негиз жок, динамика башка. Андай чыгууларга шарттар бышып жете элек. Албетте абалды термелтүүгө жараган оппозициялык күчтөр бар, бирок менин оюмча, алар массалык кыймылдарды түзүп төңкөрүш жасай алышпайт», — деди серепчи Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Александра Ли