Атамбаев Бишкек мэриясынын ишине кийлигишпестигин билдирди

2013-03-05_rusdram1

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев КТРКга берген маегинде мэрия менен Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы чырга кийлигишпей тургандыгын билдирди. 11-мартта депутаттар борбордун мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин талкууга алуу үчүн чогулушкан.

Атамбаев өз позициясын 11-мартта, Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) эфиринде Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун иши тууралуу берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Мен көрүп атам, Өмүркуловдун иши кээ бирөөнө жакпай жатат. Кандай чечим кабыл алышат — бул алардын иши. Мен кийлигишпейм», — деп билдирди президент.

Атамбаев шаар бийлиги менен Өмүркуловдун ишине баа берүүдө нейтралдуу болоорун билдирди — президент мэриянын ишин «жакшы» деп эсептебей тургандыгын айтып, бирок учурдагы мэрдин 2010-жылдагы жер басып алууларга туруштук бере алгандыгын белгиледи.

«Мен буга чейин айткам, Бишкекке системалуу мамиле керек. Каражат бөлүш керек. Бишкекке өзү чогулткан салыктын үчтөн бири гана бөлүнүп берилүүдө», — деди өлкө башчысы.

Акыркы жолу Атамбаев Бишкек шаарынын мэрине карата позициясын декабрда, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча уюштурулган маалымат жыйынында билдирген — анда өлкө башчысы борбордун мэрин алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөй тургандыгын жана бардыгына эле бир кишини күнөөлөй берүүгө болбостугун билдирген.

Президенттикке чейин Атамбаев учурдагы мэр Иса Өмүркулов мүчөсү болгон Кыргызстандын социал-демократиялык партиясын жетектеп келген.

Мэрди сынга алуу

Өлкө башчысынын КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевге берген маеги Өмүркуловдун ишине нааразычылыктардын көбөйүшүнүн фонунда болду.

Шаардык кеңештин депутаттары 11-мартта кезексиз жыйынга чогулушкан, анын жыйынтыгында, мэриянын бир катар чиновниктерин кызматтарынан кетирүү жана мэр аткарган иштери боюнча отчет, ошондой эле шаардагы абалды өзгөртүү боюнча сунуш берүүсү үчүн ага үч ай мөөнөт берүү чечими кабыл алынган.

Ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жыйынды уюштуруу демилгесин шаардык кеңештеги 45 орундун 11ин ээлеп турган «Республика» фракциясы көтөрүп чыккан. Ал партиянын депутаттары Өмүркуловдун Бишкекти башкарып туруусу шаардын жашоо жөндөмдүүлүгүн «катастрофалык» абалга алып келди деп эсептеп жатышат.

«Социал-демократтардын өкүлү болгон мэр Бишкектеги орто мектептердин мугалимдери айлык маяналарын өз учурунда албай калууда, ошондой эле өзүнүн «элементардык милдеттерин» аткара албай жатат деп айыпталууда» — деп билдирди шаардык кеңештеги «Республика» фракциясынын лидери, депутат Мирлан Жээнчороев.

Өмүркулов «Республиканын» демилгесин — саясий иш деп эсептейт. Анын Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айткан пикири боюнча, шаардагы абал туруктуу жана муниципалитеттин жумушчулары борборду «тартипке келтирүүгө» аракет кылып жатышат.

«Баарыңар эле жакшы түшүнүп жатасыңар, шаарда өлкөнүн калкынын үчтөн бир бөлүгү жайгашкан, инфраструктуранын бардык тармагында жүктөлүштөр бар», — деген Өмуркулов өзүн актап.

Автор: Эльдияр Арыкбаев