Бишкек мэриясы: Жылуулук берүү марттын аягында токтотулат

2013-03-05_rusdram1

Беш күн бою абанын орточо температурасы 8 градустан төмөндөбөсө шаар бийлиги жылуулук берүүнү токтотот. Аба ырайы боюнча божомолдорго ылайык, борбордо андай аба ырайы ушул аптанын ичинде эле болушу мүмкүн.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева жылуулук берүү марттын аягында токтотулушу мүмкүндүгүн айтты.

«Эгер шаарда беш күн бою катары менен абанын температурасы 8 градустан жогору болуп турса жылуулук берүү токтотулат. Менин оюмча айдын аягында өчүрүлөт», — деп билдирди Усупбаева

Би-Би-Синин божомолдоосуна ылайык, борбордо стабилдүү жогорку температура ага чейин эле болушу күтүлүүдө.

Күтүлүп жаткан жогорку температура 12-мартта эле 10 градуска чейин жетет, андан ары аптанын соңуна чейин жогорулап гана турат.

Борбордун мэриясынын планына ылайык, 2011-2012-жылдары жылуулук берүү мөөнөтү Бишкекте 1-ноябрда башталып 26-мартта аяктаган.

Бул жылуулук берүү мөөнөтү да 1-ноябрда башталган. Жылуулук биринчи кезекте мектепке чейинки мекемелерге, мектептерге жана ооруканаларга берилген.

Бишкектин бардык турак үйлөрүнө жылуулук берүү 5-ноябрда толугу менен башталган.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Нуржамал Жаныбекова