Бишкектин жолдорун оңдоого көп каражат жумшалып жаткандыгы боюнча талаш-тартыштар уланууда

2013-03-05_rusdram1

«Тазабек» маалымат агенттиги Бишкек мэриясы 140 млн. юань кытай грантын шаардын эки көчөсүн оңоого жумшай тургандыгын жазды. Мындан улам бул боюнча социалдык түйүндөрдө талаш-тартыштар пайда болгон. Оңдоо иштерине 40 млн. юань гана коротулаары аныкталгандан кийин да Бишкектин жолдорун оңдоого көп каражат жумшалып жаткандыгы тууралуу талаш-тартыштар уланууда.

Бишкектин жолдорун оңдоого көп каражат жумшалып жаткандыгы жөнүндөгү талаш-тартыштын башталышына экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов түрткү болгон. Ал көпчүлүккө Бишкекти көрктөндүрүү боюнча акциялары менен белгилүү.

Садыбакасов кытай грантынын эсебинен оңдоло турган жолдордун узундугун эсептеп чыгып, жыйынтыгын 11-март күнү кечинде «Фэйсбуктагы» баракчасына жайгаштырган — ага ылайык, жолдун бир метрин оңдоо үчүн 7500 АКШ долларынан ашык каражат талап кылынып калган.

«Маалымат үчүн, болжол менен 1998-жылы чыккан Е-класстагы Мерседестин баасы ушундай эле сумманы түзөт», — деп салыштырган Садыбакасов.

Кийинки күнү эртең менен Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов Kloop.kgге берген маегинде 10 млн. юань тууралуу жазылган «Тазабек» агенттигиндеги маалыматты четке какты.

Анын айтымында, кытайлыктар дээрлик үч эсе аз — 40 млн. гана юань бөлгөн.

Аталган грант жөнүндө алгачкы жолу белгилүү болгондо 40 млн юань тууралуу маалымат бир катар маалымат агенттиктеринде жазылган — Kloop.kgнин редакциясы бул жерде «Тазабек» ката кетирген деп түшүндү.

Садыбакасовдун схемасына ылайык, 40 млн. юанга болгону үч чакырым гана жол оңдоодон өтөт
Садыбакасовдун схемасына ылайык, 40 млн. юанга болгону үч чакырым гана жол оңдоодон өтөт

Бирок Садыбакасов бул сумманы өтө эле көп деп эсептейт — анын эсептөөсү боюнча, бир метр жолду оңдоо үчүн 2000 АКШ долларынан ашык (дээрлик 100 миң сом) каражат талап кылынып калууда.

Садыбакасов борбордун жолдорун оңдоону кытайлык компания аткарып жаткан Бишкек-Торугарт унаа жолун кайрадан келбеттөө иштери менен салыштырууда — анын маалыматында, бул объектиде оңдоонун бир метринин баасы болжол менен 740 АКШ долларын (35 миң сомду) түзөт.

Бул курулуш иштери «тоолу аймакта, бир тарабынан дарыя, башка жагынан темир жол менен курчалган тоотегинде» жүрүп жатканына карабастан, деп жазган Садыбакасов.

Социалдык түйүндөрдөгү пикирлер

Садыбакасов тарабынан «Фэйсбукка» жайгаштырылган маалымат бир сутканын ичинде эле 70ке жакын комментарий чогултуп, өтө катуу талкууга алынды.

Интернет колдонуучулардын бир бөлүгү оңдоо иштерине жумшала турган каражаттын көптүгүнө нааразы болушса, башкалары аны чыгымдардын көптүгү менен түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

«Кабель, өткөрүү линиялары, транспорттоо сыяктуу башка чыгымдары да бар окшойт», — деп жазган Арзу Ахунбаев аттуу колдонуучу.

Буга чейин Бишкектин жолдорун оңдоого корогон каражаттардын көптүгү, жалпы эле мэриянын ишине арналган темалар өлкөдөгү эң популярдуу «Дизель» веб-форумунда көп эле пайда болгон.

Өз кезегинде Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлү Абдыжапаркул Жанболотов кытайлыктар бөлгөн каражат — бул грант экендигин жана тендерди да кыргыз тарап өткөрбөгөндүгүн айтты.

«Тендер Кытайда өткөн. Ал кытай жалдануучуларды Кытайдын өкмөтү тандаган, ошондуктан алардын акчасына өздөрү жооп беришсин», — деди Жанболотов Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Зарема Султанбекова