Оштун вице-мэри Ильяз Ражапов шаардын бардык жашоочулары эки ай бою күн сайын үйлөрүнө жакын аймактарды тазалоо үчүн ишембиликке чыгуулары керектигин билдирди. Мэрия ишембиликке чыкпагандарды жазалайт, бирок укук коргоочулар бул өлкөнүн мыйзамдарын бузат деп эсептеп жатышат.
Ражаповдун демилгеси Ошто үстүбүздөгү жылдын мартында башталган шаарды жашылдандыруу боюнча «эки айлыктын» алкагында пайда болду.
12-мартта Ош мэриясы шаарда ишембиликтер «эки айлыктын» аягына чейин күн сайын өткөрүлөөрү жана ага катышпаган жашоочулар «жазалана тургандыктары» айтылган пресс-релиз таратты.
Вице-мэр Ражапов Kloop.kgге берген маегинде «такыр эле болбосо» ишембиликке чыкпаган жашоочулардын суусу өчүрүлө тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, Ош бийлиги айыптардын көлөмүн Административдик мыйзам бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык аныктайт.
Ал ишембиликке чыкпаган Оштун жашоочулары кайсы беренени буза тургандыктарын айтып бере алган жок, бирок ал санитардык нормаларга тийиштүү экенин кошумчалады.
«Санитардык абалдын бузулгандыгы жөнүндө акт түзүлөт. Шаарда алгачкы жолу эскертүү берип, экинчисинде айып сала турган административдик комиссия бар», — деди вице-мэр.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова ишембиликке зордоп чыгаруу — «жарандардын укуктарын бузат» деп эсептейт.
«Бул совет мезгилинде бардыгын күчкө салып ишембиликке алып чыккан эски убактарды эске салып жатат. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан чиновниктер жазаланышы керек», — деп эсептейт ал.
Исмаилованы «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова да колдойт. Ал ишембиликтерди адамдар өз каалоолору менен уюштурушу керек деп эсептейт.
«Мажбурлоо жолу менен тартипти орнотууну колдобойм. Бирок адамдар өздөрү да тазалык Ош шаарына гана эмес, анын ар бир жашоочусу үчүн керек экендигин түшүнүшү зарыл», — деди Абдирасулова.
Бирок вице-мэр Ражапов Ош бийлиги шаар тургундарын тазалыкты сактоого көндүрүүнүн башка жолун көрбөй жаткандыктан жогоруда айтылган чараларды колдоно тургандыгын айтты.
«Эмнеге адамдар үйүнүн жанын тазалабашы керек? Өз үйүнүн алдын тазалашпаса эмне кылуу керек? Албетте бул [сууну өчүрүү] жакшы эмес, бирок мыйзамга ылайык айып салабыз», — деди Ражапов Kloop.kgге берген маегинде.
Ишембиликтер керек, бирок ыктыярдуу болушу зарыл
Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган Ош шаарынын жашоочулары жалпысынан, мэриянын ар күнү ишембилик өткөрүү демилгесин жактыруу менен, бирок бир катар дооматтар менен кабыл алышкандыктарын билдиришти.
Оштогу мектептердин биринин мугалими Эльмира Кеңешбаева ишембиликке мектеп окуучуларынын чыгышына каршы экендигин айтты.
«Ар бир адам өз аймагын өзү тазалаш керек. Көп учурларда шаарды тазалоо үчүн мектеп окуучуларын зордоп алып чыгышат, мугалимдерге сабактарды токтотууга туура келет», — деди ал.
Оштун жашоочусу Гүлзат Газиева да ишембиликтерди жактыруу менен кабыл алат, бирок алар иш убактысында болбошу керек деп эсептейт.
«Мен Ош шаарынын тазалыгы үчүнмүн. Бирок ишембиликтер жумушка тоскоолдук кылбашы керек. Ишембиликтерди жумуштан кийин өткөрө беришсин», — деди ал.
Ал ишембиликке чыгуудан баш тарткандарга карата жаза киргизүүгө каршы.
«Бардыгы тең өз аймагынын тазалыгы үчүн жооп бериши керек. Аны кайсыл убакта тазалайт — ар биринин өз көйгөйү», — деп эсептейт ал.
Биринчи ишембилик «эки айлыктын» алкагында 4-мартта өткөрүлгөн, ага шаардын бардык атайын техникасы тартылган.
Автор: Мария Гребнева