Экс-министр Сабиров ачкачылык жарыялады

2013-03-05_rusdram1

Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров ачкачылык жарыялады. Жакында эле ал «пара талап кылгандыгы» үчүн деп, беш жылга эркинен ажыратылган.

Сабиров ачкачылыкты 13-мартта, Бишкек шаардык соту ага карата өкүм чыгаргандан алты күн өткөндөн кийин жарыялады — бул тууралуу экс-чиновниктин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Ачкачылык жарыялагандан кийин Сабировду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына которушту.

«Ал чыгарылган өкүмдүн мыйзамсыздыгына каршылыгын билдирип жатат. Өкүм бир гана кишинин көрсөтмөсүнө негизделген. Анын эч кандай талабы жок», — деди Kloop.kgге берген маегинде Айткулов.

Жактоочусунун айтымында, Сабиров ачкачылыкты буга чейин эле жарыялагысы келген, бирок Айткулов аны тамактануудан баш тартпоого көндүргөн.

«Мен ага киргенде ал ачкачылык жарыялагысы келип жаткандыгын айтты. Мени менен кеңешкен. Мен ага ден соолукту бузуп эмне кереги бар, акцияны баштабай эле кой деп, көндүрүүгө аракет кылдым. Ал ойлонуп көрөөрүн айтып, убада берген. Бул 12-мартта болгон», — деди жактоочу.

Айткулов ал жактоого алган чиновниктин абалы «начар» экендигин айтты — Сабиров тамактануудан баш тарткан, бирок суу ичүүсүн улантып жатат.

«Пара талап кылуу»

Мурунку министрдин жактоочусу өкүм боюнча Жогорку сотко даттанат — Сабировго карата италиялык компанияга бала асырап алуу боюнча лицензия берүүдө «пара талап кылган» деген күнөө коюлуп, беш жылга эркинен ашыратуу өкүмү чыгарылган.

Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Тахир Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда ал параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын билдирген.

Биринчи май райондук сотунун 3-октябрдагы жыйынында Мирзаметов көрсөтмөсүн өзгөртүп, жетекчисинин эч кандай күнөөсү жок экендигин айткан.

Мындан кийин Сабиров акталган, бирок мартта анын мурунку жардамчысы баштапкы көрсөтмөсүнө кайтып, экс-жетекчисинин күнөөсү бар экендигин билдирген. Буз өз кезегинде Бишкек шаардык сотунун айыптоо өкүмүнө алып келген.

Сабиров өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын бир нече жолу четке каккан.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Эч кимден пара талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйындарынын биринен кийин.

Автор: Азат Рузиев